Үй-бүлө курар алдында ата-эненин биринчи суроосу эле «ал деги тектүү жердин баласы бекен?» деген суроо. Тек деген эмне? Кыргыздар аны кантип сүрүштүргөн? Учурда кантип текти сүрүштүрүү керек? Бул тууралуу филолог, тилчи Бурулсун Бабашева айтып берет.
«МЫКТЫ ТУКУМ АЛУУ ҮЧҮН КАН АЛМАШТЫРУУ КЕРЕК»
– Кыргыздар эмнеге текти сүрүштүргөн? Анткени ата-бабаларыбыз жети ата өтмөйүнчө кыз алып, кыз беришчү эмес. Төрөлө турган тукумдун ден соолугу чың, мыкты, баатыр чыгышы үчүн да бул маанилүү болгон. Анткени балада ата-бабасындагы сапаттар кездешет. Тоодо, көчтө жүрүп төрөгөн энелер да бышык болушу керек жана жоокерчилик кезде балдарынын тың чыкма болушу максатка ылайык келген. Кыргыздар аз сандагы калк болгондуктан, сураштыра келсе эле тууган чыгып калчу же үч ата өтүшкөн болсо балдарынын ден соолугу начар, же майып төрөлүп калбашынын алдын алуу үчүн текти жакшы изилдешкен. Ал кан алмаштыруу далалаты болгон.
Экинчиден, «Атасы жаман анда-санда оңолот, энеси жаман эзели оңолбойт» деген кеп бар. Бул энесинин карынындагы жаткан балага ген аркылуу энесинин мүнөзү, адаты бүт берилет деген кеп. Андыктан кыз аларда анын тегин изилдөө дагы деле жакшы тукум алуу үчүн аракет.
Бир икая бар. Илгери бир эл бийлеген адам «менден жакшы бир тукум калышы керек» деп сынчыны чакырып кыздарды сынатат. Көч өтүп бара жатат, алдында хандын кызы да, бийдин кызы да бар. Сулуусу да, акылдуусу да, кыйыны да өтөт. Сынчы үн катпайт. Баары өтүп бүткөндө «эч ким калган жокпу?» деп сурашат. Көрсө, бир гана кедейдин кызы «мени тандамак беле?» деп корунуп өтпөй койгон экен. Ошол кыз келе жатат дегенде сынчы жанданып карап, өтүп кеткенден кийин «ушуга үйлөнсөңүз баатыр бала чыгат» дейт. Кыйын чыкма адам жини келип «ушунун эмнесине үйлөнөм?» десе «Азыр табарсыгы толуп келе жатат. Бизден өтүп заара ушатат, ошондо чечмелеп берем» дейт. Кыз заара кылган жерге барышканда сынчы «Көк чөп саргарып күйүп, жерди заарасы казып кетиптир. Заарасы күчтүү аялзатынан ден соолугу чың бала төрөлөт. Кыздардын баары сиздин кадырыңыздан ыйбаа кылып башын салып өтүштү. Бул кыз жалтанбай курч тиктеп өттү. Көзү тик караган кыздан курч баатыр жаралат» деген экен. Айткандай эле ошол кедейдин кызынан баатыр уул төрөлгөн экен. Бул икаянын чындыгы да болушу мүмкүн. Андан тышкары кыргыздар кызды балтырынан байкашкан. Балтыры арык эмес, чымыр, этке толуп турган кыздан да ден соолугу чың, акылдуу балдар төрөлөт дешет. Анткени балтырдагы кан тамырлардын жатынга түздөн-түз тиешеси бар экен.
УЧУРДА ТЕКТИ КАНТИП ТЕКШЕРСЕ БОЛОТ?
– Азыр замандын агымы менен текти сүрүштүрүп эле жатып калсак болбойт. Теги, гени жакшы болсо да, жаман жоруктарга берилип кеткен кыз-жигиттер толтура. Дагы бир нерсе, бийлиги, байлыгы, даражасы бар адамдын кызы теги жакшы дегендик эмес. Айылда болобу, шаарда болобу, эл алдында сөзү өтүмдүү, акыл бере турган, жамандык-жакшылыкта сөзү, адеби, кылыгы менен элге алынган адамдын тукумдарын теги жакшы десек болот. Тууган-урукта кадыр-баркы бар адамды биз тектүү деп айта алабыз. Жигит тараптын тегин сүрүштүргөндө азыр көбү «атасы кандай экен, иштерман бекен?» деп сураштырышат. Мисалы, атасы эртеден кечке жата берсе уул бала да ошону туурайт. Кызды аларда «энеси кандай, ажылдаган бир болбогур эмес бекен?» деп сурашат. Текти сүрүштүрүү азыркы заманда деле ашыкча болбойт.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg