Сооронбай Жээнбеков: МУГАЛИМДИКТЕН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ЧЕЙИН

2017-жылдын 15-октябрына белгиленген президенттик шайлоо жыйынтыкталды. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы бюллетендерди кол менен санап чыгууда. БШКнын 18-октябрда тараткан маалыматы боюнча, 99,2 пайыз бюллетендер кол менен саналып бүттү. Жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкан калктын 54,79 пайызынын добушуна ээ болуп жеңип чыкса, Өмүрбек Бабанов 33,73 пайыз, Адахан Мадумаров 6,49 пайыз, Темир Сариев 2,57 пайызга ээ болгон. Калган 7 талапкер 1 пайызга жетпеген добуш алган. Президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызы катышты. БШКнын акыркы жыйынтыгы шайлоо өткөн күндөн баштап 20 күн ичинде жарыяланат.
Президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбеков 1-декабрдан тарта кызматка киришет. Ал 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тельман айылында туулган. 11 бир туугандын алтынчысы. Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кызы бар. Жубайы Айгүл Жээнбекова тууралуу маалымат аз. Кызы Бактыгүл Шарипова студент, парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Алярбек Абжалиевдин уулуна турмушка чыккан. Уулу болсо Бишкектеги мектептердин биринде билим алат.
Сооронбай Жээнбеков эмгек жолун 1976-жылы Оштун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 1983-жылы Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктап, зооинженер кесибине ээ болот. 1983-1995-жылга чейин ар кандай жогорку кызматтарда эмгектенген. 1995-2007-жылдар аралыгында Жогорку Кеңешке 3 жолу депутат болуп шайланган. 2007-2008-жылдары айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп иштеп, 2010-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген. 2010-2015-жылдар аралыгында Ош облусун жетектеген. 2015-жылдын 11-декабрында Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы болуп дайындалып, 4 айдан кийин президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. 2016-жылдын 13-апрелинен 2017-жылдын 21-августуна чейин премьер-министр болуп иштеп келди. 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланды.

Бектур Токтоноев

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан