Премьер-министр Сапар Исаков 18-октябрда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барып, казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолукту. Казак өкмөтүнүн тараткан маалыматына караганда, тараптар тар жана кичи чөйрөлөрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жолугушуунун негизги маселеси – кыргыз-казак чек арасында жаралган кырдаал. Эки өкмөт башчынын жолугушуусунун жыйынтыгында вице-премьер-министрлердин жетекчилиги астында жумушчу топ түзүлгөнү белгилүү болду. Алар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын «жол картасын» түзүшмөкчү. Натыйжада 19-октябрдан тарта жөнөкөй жарандар, жеңил унаалар жана бош ири унаалардын эки тарапка өтүүсүнө жеңилдетүү берилди. Азырынча Казакстанга жана ал аркылуу Орусияга товар ташыган ишкерлердин маселеси чечилбеди. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, жолугушуу телефондук сүйлөшүүдөн кийин кыргыз тараптын сунушу менен ишке ашкан.
Айта кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек», «Ак-Жол» жана «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде текшерүү 10-октябрдан тарта күчөп, жүздөгөн жарандар кезек күтүп калган. Андан сырткары жүк ташуучу унаалардын ири тыгыны пайда болуп, ишкерлер бир топ зыянга учурашты.
Бектур Токтоноев