Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку башчысы Зарылбек Рысалиев 18-октябрда парламентте депутаттык кызматка киришти. Ал Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Нургазы Нишановдун ордуна келди. Нишанов буга чейин «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган.
Зарылбек Рысалиев президенттик шайлоодо бийликтеги КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоп, БШКга ишенимдүү өкүл болуп катталган эле. Ошентип Жээнбековдун ишенимдүү өкүлүнүн шайлоодо анын эң негизги атаандашы болгон Өмүрбек Бабановдун фракциясына келиши талкууга алынууда. Айрымдар «Рысалиев фракцияны ичтен иритет» дешсе, дагы бирлер «Рысалиев көп өтпөй фракциядан айдалат» дешүүдө.