Талас облусундагы Киров суу сактагычындагы суунун 21 миллион метр кубу агызылат. Мындай кадамга 3 жылда бир жолу жасалчу суу сактагычтагы оңдоп-түзөө иштери себеп болгон. Аталган суу сактагычтын суусунун 88 пайызын Казакстан пайдаланса, 12 пайызын Манас району иштетет. Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, Киров суу сактагычындагы оңдоп-түзөө иштери мурунтан пландалган жана бул боюнча казак тарап менен макулдашылган.
Өкмөттүн маалыматына караганда, казак тарап жыл сайын оңдоп-түзөө иштери үчүн 70 миллион теңге берет, бирок бул жетишсиз. Казакстан тарап да сууну кабыл алууга даяр. Суу сактагычтагы суу 5-6 күн бою агызылмакчы. Андан кийин 15 күн оңдоо иштери жүргүзүлөт. Өкмөттөн коё берилген суунун көлөмү 2018-жылдын апрель айына чейин толтуруларын айтышууда.
Мурдатан макулдашылган деп түшүндүрүлгөнүнө карабай коомчулук суу сактагычтагы суунун коё берилишин учурдагы кыргыз-казак мамилесинин курчушуна байланыштырууда. Анткени Казакстандын түштүк аймагы Киров суу сактагычынан агып чыккан суу менен сугарылат. Суу сактагыч 1975-жылы курулган. Аянты – 2050 гектар.
550 миллион метр куб суу батат.