Бир бүркүм. ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЖАПАРОВ АБАКТАРГА КОТОРУЛДУ...
Жогорку Кеңештин депутаты ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ №1 СИЗОдон №47 түзөтүү колониясына которулду. Ал эми экс-министр Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясына которулду.
Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга 2017-жылдын декабрынан 2018-жылдын март айына чейин 13 миллион долларлык 550 миллион кВт көлөмдөгү ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Маалыматты Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев 18-октябрда 2016-2017-окуу жылындагы ири жетишкендиктери үчүн 70 студентке ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ тапшырды.
Кыргыз өлкөсүндөгү ПСИХИКАЛЫК ООРУГА кабылгандардын көпчүлүгү 25-50 жаштагылар.
Өлкөдө 227 СПОРТЧУ 7 категория боюнча 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин мамлекеттик стипендия алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен таратышты.
16-17-октябрь күндөрү Токмок жана Бишкек шаарларында 2 адам ПОЕЗД СҮЗҮП каза болду. ИИМдин маалыматына караганда, экөөсү тең поезддин сигналын укпай койгон.
Учурда Токтогул суу сактагычындагы СУУНУН КӨЛӨМҮ 19 миллиард 452 миллион метр кубду түзөт. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга көп.
ГҮЛНУРА ТӨРАЛИЕВА премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал өкмөт башчынын маалымат кызматын жетектеп турган. Төралиеванын ордуна Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды.
Ноябрь айында ЖЫЛУУ АБА ЫРАЙЫ күтүлөт. «Кыргызгидрометтин» маалыматына караганда, республиканын көпчүлүк аймактарында абанын орточо температурасы +2 градустан +21 градуска чейин болот.
ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО карата Борбордук шайлоо комиссиясына 16-августтан 18-октябрга чейин жарандардан 791 кайрылуу келип түшкөн. Алардын 335и жарандардын тизме боюнча суроолору болгон.
2012-2016-жылдар аралыгында 26 миң 891 адамга Кыргыз өлкөсүнүн ЖАРАНДЫГЫ берилген. 8 миң 810 адам жарандыктан чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты САДЫР ЖАПАРОВ Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №1 катуу тартиптеги абакка которулду. Анын жаза мөөнөтү 2028-жылдын апрелинде аяктайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.