Америкалык белгилүү актёр Брэд Питтин көңүлү 21 жаштагы актриса Элла Пернеллге түшкөнүн маалымат булактары жазып чыкты. "Актёр Анжелина Жоли менен ажырашкан соң модель Сиенна Миллер, актриса Сандра Буллок менен роман курган" деген кептер тараган. Жадакалса "биринчи жубайы Женнифер Энистон менен кайра мамилесин жандандырган" деп да чыгышкан. Учурда Брэд Питтин кайырмагына түшкөн англиялык актриса Элла Пернелл экени айтылууда. Чет элдик маалымат каражаттары Брэд менен Элла «Сладкая горечь» китебин экранизациялоого чогуу даярданып жатышканын, анда Брэд Питт аткаруучу продюсер, ал эми Элла Пернелл башкы ролдо экенин маалымдашты. Актриса досторуна Брэд Питт ал үчүн дайыма биринчи орундагы жылдыз экенин сыймыктануу менен айтканын билдиришти. Белгилей кетсек, Элла «Малефисента» тасмасында Анжелина Жолинин жаш кезин аткарган.