КСЕНИЯ СОБЧАК ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЁТ

Орусиялык белгилүү алпаруучу, коомдук ишмер Ксения Собчак 2018-жылы боло турган Орусиянын президентин шайлоодо президенттикке талапкер болорун билдирди. Бул тууралуу ал: «Орусия Владимир Путинди президент кылып шайлаганда мен 18 жашта элем. Азыр жашым 36да. Ошондуктан президенттикке ат салышууну чечтим»,- деген. Алпаруучу 5 жылдан бери оппозиционерлер, жаңыланууну жана өзгөрүүнү каалаган инсандар менен бирге митингге чыгып келгенин билдирген. Бирок азырынча алар күткөн чоң бурулуш боло элек экенин айтып: «Коррупционерлер жана уурулар элди алдаганын улантып келе жатат»,- дейт. Президенттикке ат салышуу менен коррупционерлерге каршы добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтып, «Ксения Собчак – баарына каршы кандидат» деп билдирди.

star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Tyty1990
2017-10-24 09:37:33
Орус оюндагысын кылат.
+3
aikera1992
2017-10-24 09:53:09
Буюрса Анжелика же Асель 36 жашында президентике кандидатурасын коет эми.
Ксениянын жон эле конул борборунда болуу учун кылган иши экенин билинип эле турат го, озун толкуу чордонунда жургонун жактырганы да.
+4
evra_kg
2017-10-24 10:27:18
Ксения болсо Россия олот
+3
Azatbek83
2017-10-24 12:43:55
Медведов болот болбосо бизге кыйын болот!
0
ulik.uma04
2017-10-24 13:39:39
Ксения президент? Боло турган ишти кылгын сен собчак.Андан коро президентке талапкер медведевке кызмат кыл.Жириновский калып сен эле жетишпей аттын эле.кепилдик берем сен 0.001% добуш аласын Уметалиевага окшоп
+7
Ferdews
2017-10-24 14:30:54
Ксения акылдуу аял,бирок президенттике талапкер болбой эле койсо болмок, кулку болбой))
+3
ALMAAAN
2017-10-24 18:29:12
Жон эле койбоптурда
+1
KG.2606.Noo
2017-10-26 01:53:46
Жезкампирда,президент болсо Россия дуйного ШАХ эмес МАТ болот.
0
alibekova94
2017-10-27 20:45:38
Путиндин башкарганы эле жакшыго... Мен ойлойм Путин кетсе Россия кучун жоготот...
0
AKCAHAT
2017-10-28 16:19:02
Биздин Собчак (Самара Каримова), биздин Бузова (Анжелика) нын акыбалы 5ж кийинки ушуга жетет коросунор
0
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан