Бирөөлөр үчүн изилденүүчү экспонат катары болсо, бирөөлөр үчүн өлкөдөгү кырсыктардын булагы болуп эсептелип келе жаткан мумия 2017-жылдын 15-октябрында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана атайын комиссиянын чечими менен жерге берилди. Мумияны көмүү чечими 12-октябрда чыккан. Аны жерге берүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окумуштуулар катышкан. Комиссиянын курамында Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Тарых музейинин директору Анаркүл Исраилова, ИИМдин жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү, М. Фрунзе атындагы музейдин директору, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2 өкүлү, кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева болгон. Мындай кадамга каршы болгон окумуштуулар мумияны кайра каздырууну талап кылышууда. Мумия кайра казылабы? Казылса ал эмнелерди «сүйлөп» берет?
ЭМНЕ БОЛГОН МУМИЯ ЭЛЕ?
Мумия (жаш аялдын сөөгү) 1956-жылы Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерде табылган. Арча табытта сакталып келген жана ал 1-5- кылымдарга таандык делет. Мумияны ленинграддык археологдор казып, Кыргызстандын Мамлекеттик улуттук музейине өткөрүп беришкен. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, Советтер Союзу кезинде бир ирет Орусиянын Эрмитажынан бир адис чакырылып, ал денени бальзамдоо жаатында керектүү иштерди жүргүзүп кеткен. Акыркы жолу бальзамдоо Мамлекеттик улуттук музейдин кызматкерлери тарабынан 1990-жылдардын аягында Эрмитаждан келген адис таштап кеткен химиялык реагент (атайын зат) менен жүргүзүлгөн.
ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЧЫККАН?
2015-жылдан бери эле экстрасенстер «мумияны көмүү керек» дешсе, окумуштуулар каршы чыгып келишкен. 2015-жылы июлдун башында өткөн жыйында коомдук ишмер Мелис Арып-Бек «мумия Аменхотеп аттуу фараондун жубайы Анфисанын, башкача айтканда, Баткен ханышасынын мумиясы. Кыргызстанды кандай коркунучтар тооруп турганын окумуштуулар түшүнбөй жатат. Вирустар бизди агрессивдүү кылып, педофилдер, гомосексуалдар чыгып жатат» деген.
Экстрасенс Таалайгүл Норсек кызы да анын сөзүн коштоп, өлкөдө болуп жаткан ар кандай жамандыктар мумиянын жерге берилбей жатканынан деп айткан.
ОКУМУШТУУЛАРДЫН КАРШЫЛЫГЫ ЖАНА ПРЕЗИДЕНТТИН ЖООБУ
Мумия жерге берилген соң 17-октябрда окумуштуулар тобу президентке мумияны кайра музейге кайтаруу өтүнүчү менен кайрылышты. Кайрылууга 18 адам кол койгон. Ал эми президент «Жерге берилиши туура эмес иш болду. Эми болору болду. Аны жерге берүүдө катышкандардын жоопкерчилиги каралат болуш керек деп ойлойм» деди.
МИНИСТРЛИК КАДАМЫН ЭМНЕ ДЕП ТҮШҮНДҮРДҮ?
Түгөлбай Казаков 17-октябрда журналисттерге берген интервьюсунда «айрым адамдар мени жумуштан алыш үчүн ушундай кадамдарга барууда» деген. «Адамдын сөөгү менен ойнобош керек. Аны изилдеш же көмүш керек. Изилдөөгө илимдер академиясынын тийиштүү жабдыгы же адистери жок. 60 жыл бул маселени карабай, аны көмгөндөн кийин ызылдашууда. Изилдегиси келсе кайра казып алышсын» деп айтып, изилдөөгө Илимдер академиясына көп жолу сунуш болгонун, бирок алар баш тартып койгонун кошумчалаган.
МУМИЯ КАЗЫЛЫП АЛЫНСА ОКУМУШТУУЛАР ЭМНЕ КЫЛЫШАТ?
Кадича Ташбаева, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун археология бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты:
- Министр сектант жана экстрасенстердин таасири менен чечимди 10 мүнөттө чыгарып койду. Бул музей экспонаты, анын бир да динге тиешеси жок. Министрлик «мумияны көмөлү же алып кеткиле» деп мурун да, кийин да бизге эч качан кайрылган эмес. Кайрылса кат бөлүм башчысы катары мага келип түшөт эле жана биз жооп берет элек. Аларда биздин жооп кат бар бекен? Болсо, көрсөтүшсүн.
«Мумия сактоого жарабай калды» дешти. Анын сактоого болот же болбостугун билүү үчүн бизде антрополог жок болсо, анда Казакстан же Орусиядан чакырып, текшертип, анан акт түзүлүшү керек эле. «Сактоого болбойт» десе анан көмүш керек болчу. Бузулуп баратса анда неге жаңы саркофаг алдырып, ошого салдырып койгон эмес?
Казаков «мумияны 60 жыл кыйнап койдук» дейт. Көмөрдө кийинки изилдөөлөр үчүн деп тканынан кесип алып калуу, эмне, кыйноого кирбейт бекен?
Мумияны биз изилдеп, өзүбүзгө керектүү маалыматтарды алганбыз. Дагы пландар бар болчу. Илим өнүгүп жатат, андыктан улам жаңы аппараттар менен мумияны изилдетүү аркылуу тарыхты жаңы маалыматтар менен толуктоого болот. Мисалы, радиоуглероддук анализдерди жүргүзүү менен мумиянын качан өлгөнү, кийимдеринин тканы кайсы жылдарга таандык экени, сөөк кайсы этникага таандык экени чыгат. Изилдөөлөрдө мумия жашаган доордо кандай оорулар болгондугу жана башкалар да билинет. Мумия сакталышы зарыл.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg