СОРТТОРУ
Кофенин 80ге жакын сорту бар. Алардын арасында бою кичине бадалдар, бийиктиги 10 метрге чейин дарактар да бар. Кеңири тараган 4 сорту: арабика, робуста, либерика, эксцельса.
САТЫЛЫШЫ БОЮНЧА ДҮЙНӨДӨ 2-ОРУНДА
Учурда кофе сатыкта дүйнө жүзү боюнча нефтиден кийинки экинчи орунда турат. Дүйнөлүк рынокто жылына 2 миллиард доллардан ашуун суммага кофе сатылат. 2016-жылдын көрсөткүчү боюнча кофени эң көп өстүргөн 5 өлкө: БРАЗИЛИЯ, ВЬЕТНАМ, КОЛУМБИЯ, ИНДОНЕЗИЯ, ЭФИОПИЯ
ПОПУЛЯРДУУ 5 КОФЕ ТҮРҮ:
ЭСПРЕССО. Эң күчтүү кофе болуп саналат.
МАКИАТО. Эспрессо менен сүт көбүгүнүн өлчөмү 1:1 болот.
АМЕРИКАНО. Даяр эспрессого суу кошулат. Муну менен кофедеги ачуу даам жумшарат.
КАПУЧИНО. Эспрессо+ысык сүт+сүт көбүгү бирдей өлчөмдө кошулат.
ЛАТТЕ. 1/4 бөлүгү эспрессо, калгандары ысык сүт,
сүт көбүгүнөн турат.
ЖЫТТУУ, ДААМДУУ КОФЕНИ КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?
1) Эң даамдуу кофе жаңы куурулган дандан жасалат. Кофенин данын кофе майдалагыч аппараттан майдалап, анан даярдап ичсеңиз ырахат аласыз.
2) Суу. Крандан аккан суунун курамында хлор жана башка сууну тазалоочу каражаттар болгондуктан ал кофенин жытын да, даамын да бузат. Ошондой эле көпкө туруп калган сууну да колдонууга болбойт. Газы жок минералдык суу, булактын суусу кофенин даамын арттырат.
Даярдоо ыкмасы:
1. Турканын (кофе кайнатуучу идиш) түбүнө 2 чай кашык майдаланган кофени тегиз кылып салабыз.
2. Турканын моюнуна чейин суу куюп, жай отко коёбуз.
3. Кофе көбүрүп чыкканда оттон алып, көбүгү тарагыча 20 секунддай кармап, кайра отко коёбуз. Ушинтип 3 жолу кайталагандан кийин даамдуу, жыттуу кофе даяр.
4. Эгер эксперимент кылганды жакшы көрсөңүз, турканын ичине бир аз корица, ваниль, какао же бал кошуп жибериңиз, кофеңиз өзгөчө даамга ээ болот.
КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН?
Кофенин – курамындагы кофеин адамдын борбордук нерв системин дүүлүктүрүп, натыйжада кан айлануу, зат алмашуу жакшырат.
Ал эми тригонеллин заты кофенин өзгөчө жытка жана даамга ээ болушуна таасир берет. Курамында белок, углевод, темир, калий, натрий, фосфор, хлороген кычкылы, минералдык туздар жана башка витаминдер да бар.
ПАЙДАСЫ
(күнүнө 2-3 кичине кружка ичкенде, андан ашык эмес!)
Борбордук нерв системинин иштешин жакшыртат.
Курамындагы серотонин – «бакыт гормону» адамды стресстен, депрессиядан арылтууга көмөкчү болот.
ЗЫЯНЫ
Кофени көп колдонууда кандагы холестериндин өлчөмү жогорулайт.
Кофеге көз карандылык пайда болот. Эгер кофе ичпей калса, адамда баш айлануу, чарчоо, болор-болбос нерсеге кыжырдануу пайда болот. Бирок окумуштуулар бул көз карандылыкты баңгилик дегенден алыс.
КИМДЕРГЕ ИЧҮҮГӨ БОЛБОЙТ?
Жүрөктүн ишемиялык ооруларында, атеросклероз, бөйрөк ооруларында, глаукома, кан басымы жогоруларга, гастрит, ашказан жарасы барларга.
ЭҢ КЫМБАТ КОФЕ ПИЛДИН ЗАҢЫНАН АЛЫНАТ
Дүйнөдөгү эң кымбат кофе «кара тумшук» (чёрный бивень) деп аталат. Таиландда пилдерге күнүнө 32 килограмм кофе мөмөсү ага кошумча банан, кант камышы жана башка ден соолукка пайдалуу мөмө-жемиш берилип, алар 15-30 саат аралыгында пилдин ашказанында иштелип чыгат. Пил заңдаган соң кофе мөмөлөрүн терип алышып, жууп-тазалап, андан кийин өндүрүштө пайдаланышат. 32 килограмм кофе мөмөсүнөн 1 килограмм «кара тумшук» алынат да, баасы 1100 долларга, даяр 1 кружка кофе 50 долларга бааланат.
Дагы бир кымбат кофе сорту Индонезиядан чыгарылган лювак кофеси. Кызыгы, бул сортту алууда циветта (мусанг) жаныбары жардамга келет. Ага жаңы үзүлгөн кофенин мөмөлөрүн беришет, циветтанын ашказанындагы атайын ферменттердин жардамы менен иштелип чыккан кофе заң аркылуу чыккан соң кургатылат. Андан кийин жуулат, кайра кургатылып анан куурулуп, кофе катары өндүрүшкө чыгат. Күнүнө 1 килограмм кофе мөмөсүн жеген циветтадан 50 грамм гана лювак кофесин алууга болот. Европада дүң баасы 1 килограммы 400 долларга бааланат.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg