Күз – кыргыздар үчүн тойдун маалы. Албетте, той өткөрүү үчүн көп каражат сарпталары баарыбызга маалым, өзгөчө дасторконго. Той дасторконун сарамжалдуу, аны менен катар келген коноктун көңүлүн алгандай даярдоо, тамактарды ашыкча ысырап кылбоо боюнча тойлордо кызмат көрсөтүп жүргөн ашпоз Азим Жеңишбек уулу кеңеш берет. Рецепттер 30 кишиге ылайыкталган.
«ТОКЧУЛУК» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 600 грамм
Колбаса («Докторская») – 500 грамм
Пекин капустасы – 3 даана
Өсүмдүк майы – 200 миллилитр
Сыр – 500 грамм
Помидор – 2 килограмм
Жумуртка – 7 даана
Татымына жараша туз, мурчСоус үчүн:
Каймак – 300 грамм
«Виола» сыры – 400 грамм
Горчица – 1 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Сууга бышырылган уй этин, колбаса, сырды узун-узун туурайбыз.
2. Пекин капустасы төрт чарчы формада тууралат.
3. Капустага этти, колбасаны, сырды, бир нече бөлүккө бөлүнгөн помидорду, өсүмдүк майын жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
4. Каймакка «Виола» эритилген сырын, горчицаны кошуп аралаштырып, жай отто 5 мүнөт кайнатабыз.
5. Даяр салатты тарелкага салып, үстүнө соустан куюп, сууга бышырылган жумуртка жана көк чөптөр менен кооздоп коёбуз. Салатыбыз даяр!
СОЛЯНКА
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 1 килограмм
Тооктун төш эти – 600 грамм
Колбаса («Докторская») – 700 грамм
Колбаса («Сервалат») – 700 грамм
Ышталган тоок эти – 500 грамм
Бадыраң (туздалган же маринаддалган) – 800 грамм
Сабиз – 600 грамм
Пияз – 600 грамм
Томат пастасы – 100 грамм
Лимон – 3-4 даана
Зайтун мөмөсү – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 300 миллилитр
Татымына жараша туз, кумшекер, «Жидкий дым», кристалл татымалдары
Даярдоо ыкмасы:
1. Уй этин, тооктун төш этин ичке, узун-узун туурайбыз. Ысып турган майга алгач уй этин, андан соң тоок этин салып 10 мүнөт кууруйбуз.
2. Эми казанга ичке, узун-узун тууралган колбасалар, ышталган тоок эти салынат.
3. Эт азыктарын 5 мүнөттөй кууруп, үстүнө майда тууралган пиязды салабыз.
4. Пияз бир аз куурулган соң төрт чарчы формада тууралган сабиз, туздалган бадыраң салынат.
5. Булардан соң томат пастасын салып жакшылап кууруйбуз да, алдын ала даярдалган кой же уйдун шорпосунан 4,5 литр куябыз. Шорпо тамактын даамын арттырат.
6. Шорпону жай отто 10 мүнөттөй кайнатып, татымына жараша туз, 1 аш кашык кумшекер, 0,5 чай кашыктан «Жидкий дым» жана кристалл кошобуз. Солянкабыз даяр! Тамакты чоң чыныга куюп тегерек тууралган зайтун ашын, лимондун 1 кесимин жана 1 чай кашык каймак, көк чөп салып, конокторго узатсак болот.
ИСПАНЧА БЫШЫРЫЛГАН ТООК ЭТИ
Керектелүүчү азыктар:
Тооктун төш эти – 6 килограмм (1 даанасы 200 грамм)
Шпинат – 8 тутам
«Фетакса» сыры – 800 грамм
Соус үчүн:
Каймак – 300 грамм
«Виола» сыры – 400 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Тооктун төш этин ортосунан жара кесип, татымалдардан себелеп, ашкана балкасы менен чапкылап жумшартабыз.
2. Шпинатты жууп, майда туурайбыз да, «Фетакса» эритилген сыры менен аралаштырабыз.
3. Тоок этинин ортосуна сыр менен шпинаттын аралашмасынан 1 аш кашык салып, оройбуз. Электр мешинин табасын майлап, ага тоок этин тизип, 200 градуста ысып турган мешке 60 мүнөткө салабыз.
4. Каймакка «Виола» эритилген сырын кошуп аралаштырып, жай отто 5 мүнөт кайнатабыз.
5. Бышкан тоок этин бычак менен кыйгач кесип, тарелкага тургузуп жайгаштырабыз да, үстүнө соустан куябыз. Бул тамакка гарнир катары сууга бышырылган ак, кара күрүч, же болбосо жашылча салатын кошуп берсеңиз болот.
АШПОЗДУН КЕҢЕШИ