Өз колуңуз менен жасалган шоколад даамдуу, пайдалуу болот жана жаңгактын түрлөрүн, ар кандай татымалдарды кошуп даамын да өзгөртө аласыз. Андыктан келген конокторго өз колуңуз менен шоколад жана андан десерттерди жасап тартуулоо менен аларды кубантыңыз.
КАТУУ ШОКОЛАД
Керектелүүчү азыктар:
Кумшекер – 400 грамм
Сүт – 100 миллилитр
Каймак май – 100 грамм
Ун – 2 аш кашык
Какао – 50 грамм
Даядоо ыкмасы:
1. Кумшекер, сүт жана каймак майды аралаштырып, жай отто 15 мүнөт кайнатабыз.
2. Ун менен какаону элеп, кайнап жаткан сүткө кошуп, дагы 10 мүнөт кайнатып, оттон чыгарабыз. Каймактай коюу болушу шарт.
3. Шоколад бир аз муздагандан кийин майланган калыптарга куюп, муздаткычка саласыз. Табитиңизге жараша бул шоколаддын курамына жаңгактын түрлөрүн, райкан, сүргүчтөн өткөрүлгөн апельсин, лимон кабыктарын, кокос күкүмүн, коньяк кошууга болот.
АК ШОКОЛАД ДАЯРДОО
Керектелүүчү азыктар:
Какао майы – 100 грамм
Кургак сүт – 100 грамм
Кумшекер упасы – 100 грамм
Ваниль – 0,5 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Какао майын чакан мискейге салып, мискейди ичинде суусу кайнап жаткан казанга салабыз. Башкача айтканда, суу ваннасында майды эритебиз.
2. Эриген майга кургак сүт, кумшекер упасын жана ванилинди кошуп жакшылап аралаштырабыз.
3. Бөлтөксүз, каймактай коюу абалга келгенде атайын формаларга куюп, муздагандан кийин муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салып тоңдуруп коёбуз. Эгер дүкөндөрдөн какао майын таппасаңыз, анын ордуна майлуулугу жогору сүттөн (сливки) 12 аш кашык колдонсоңуз болот.
БАНАН ДЕСЕРТИ
Керектелүүчү азыктар:
Банан – 2 даана
Шоколад – 80 грамм
Малина же кулпунай сиробу – 50 грамм
Кооздоо үчүн апельсин, грек жаңгагы, жалбыз жалбырагы
Даярдоо ыкмасы:
1. Бананды эки капталынан бычактын учу менен тилип, жогору кайрып, тиш чукугуч менен бекитебиз. Башкача айтканда, банан кайыгын жасайбыз.
2. Эми “кайык банандын” ичиндеги мөмөнү акырын бычак менен 6-7 бөлүккө бөлөбүз да, үстүнө сироптон чуурутуп куябыз. Капталдарына ак же кара шоколад кесимдерин салабыз.
3. Бананды 180 градуста иштеп турган электр мешине 10 мүнөткө салабыз. Банан десертибиз даяр! Дасторконго коёрдо апельсин кесимдери, жалбыз жалбырагы менен кооздоп, грек жаңгагын майдалап себелеп койсоңуз болот.
БЫШТАК+ШОКОЛАД ДЕСЕРТИ
Керектелүүчү азыктар:
Быштак – 200 грамм
Каймак май – 30 грамм
Шоколад – 140 грамм
Кумшекер упасы – 30 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Быштакка каймак май менен кумшекер упасын кошуп жакшылап аралаштырабыз.
2. Шоколад себетин даярдайбыз. Ал үчүн биз кекстин калыптарын тандадык. Эриген шоколадды калыптардын ичине сүйкөп, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө 5-7 мүнөткө салабыз. Убактысы келгенде экинчи жолу шоколаддан сүйкөп, кайра 5 мүнөткө тоңдургучка салабыз.
3. Себеттин ичине быштактан тегиз салып, үстүнө шоколаддан текши куюп, тоңдургучка салабыз. Эгер бул убакытка чейин шоколад коюуланып же тоңуп кетсе, анда аны эритүүгө туура келет. Пайдалуу жана даамдуу десертибиз даяр!
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg