Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" катарынан 3 депутатты фракциядан чыгаруу чечимин кабыл алды. Аталган фракциянын депутаты Зиядин Жамалдиновдун билдиргенине караганда, Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмазбек Жутанов "фракциянын талаптарын аткарбаганы үчүн" фракциядан чыгарылган. 13 депутаттын 8и алардын фракциядан чыгышы үчүн добуш берген. Буга чейин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын айрым депутаттары фракция лидери Бакыт Төрөбаевге нааразы болуп, лидерди алмаштыруу аракетин көрүп жатышат" деген маалыматтар тараган. Бирок Төрөбаев мындай сөздөрдү жокко чыгарды.
Оппозициядагы «Республика-Ата Журт» фракциясында да абал тынч эмес. Бул фракцияда дагы лидери Өмүрбек Бабановго ичи чыкпай жаткан депутаттар бар экендиги айтылууда. Жакында эле аталган партиянын тизмесинен парламентке келген Зарылбек Рысалиев фракциянын кезексиз жыйынын чакырып, Өмүрбек Бабановду алмаштырууга аракет жасап жаткандыгы боюнча сөздөр тараган. Мындай аракеттер Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышында “Ата Журт”, "Республика" фракцияларына карата колдонулган ыкмаларды эске салууда.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg