КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


– Эмне депутат болоюн дейсиңби?
– Эмне мага жарашпайбы?- Арсен Санжарга күлө карады.
– Жараштырабыз, үкө.


ххх


Эртеси бул экөө Болуштун каралар дүйнөсүндөгү, саясаттагы колдоочулары тууралуу маалыматтарды топтошту. Кашайып тиги жээкте да, бул жээкте да Болуштун кадыр-барктуу колдоочулары бар болуп чыкты. Демек, Болушту тузакка түшүрүү оорлоду.


ххх


Лиза Арсендин кыймыл-аракетинен кандайдыр бир өзгөрүү издеп жатты. "Санжар Арсенди айнытып койбосо экен". Кыздын корккону ушул. Эми эптеп Арсендин кучагына жеткенде, бакыт ушунчалык жакын туюлуп баштаганда жигит ага көңүл кош мамиле кылчу болсо, соолуп калары бышык. Бирок Арсен эч сыр алдырбады. Кадимкидей эле жүрөт. Токтоо, дайым ой басып, башында адаттагы бир жинди идеясын бышырып жүргөндөй. Анда-санда орус кызды өзүнө тартып, жүзүнөн сүйүп коёт. Мына азыр да күтпөгөн жерден аны өзүнө тартып чоп эттире бетинен өөп койду.
– Телефонумду алып берчи,- деди анан кызга илинип турган күрмөсүн көрсөтүп. Кыз ордунан туруп, күрмөнүн чөнтөгүнөн телефонду алып келди. Арсен кыздан көз албай карап турду. Лизанын келбетинде айып жок болчу. Түптүз, узун буттары, ичке бели, көпкөк тунук көздөр кандай гана эркек болсо да жинди кылчудай. Оюна бир нерсе кылт эте түштү. «Балким, Болушту Лизанын жардамы менен торго түшүрсөчү? Сөздөрүнө караганда, катынпоз неме көрүнөт ал». Бирок кайра бул оюнан өзү жийиркенип кетти. Кантип бүт бойдон өзүн ага арнап койгон кишиге чыккынчылык кылмак эле же... Ойлорду алыс качырды. Телефонун алып Бегимайдын номурун терди.
– Кандай сулуу?
– Жакшы,- Бегимай жактырбагандай сүйлөдү.
– Мен азыр Оштон Бишкекке чыгам. Саат сегизде жолугушчу жерден күтөм.
– Бүгүн бара албайм. Болуш келет.
– Хм, ал менин маселем эмес, же сен саат сегизге келесиң, же... Билесиң да өзүң. Мейли,- кыздын жообун күтпөй эле телефонун коюп салды.
– Ал ким?- Лиза сурады.
– Бул бир байкуш,- деди жигит жылмая.


ххх

Чыңгыз Ошто калды. «Ойноп алып барам» деген ал тамашалай. Лиза болсо кайрадан Бишкекке Арсен менен чогуу келе берди. Ал бар үмүттөрүн жигитке байлап алды.
Борборго жеткенден кийин эле Арсен «сен үйгө бара бер, ананыраак жумуштарды бүтүрүп барам» деп жолдон такси тосуп Лизаны жөнөтүп жиберди. Өзү баягы мейманкананы көздөй жөнөдү.
Бул убакта Бегимай да унаасына отуруп болжошкон жерди көздөй жөнөп жаткан. Белгисиз бир кубаныч бийлеп алган аны. Эмнеге экенин өзү да түшүнбөйт. Балким, азыр Арсенди көрөм деген ой ага сүйүнүч алып келип жаткандыр. Айтор, ал саамга болсо да тордогу чымчык экенин унутуп калгандай.
Мейманканадагы 6-номер адаттагыдай ачык экен. Кыз эшикти түрткөндө эле ачылды. Арсен көрүнбөйт. Кыз аярлык менен кирип келди.
Аз өтпөй жигит жуунуучу бөлмөдөн чыкты.
– Жолдон келгенге тердеп кеттим,- деди ал актангандай. Кыз болсо анын белинен ылдый сүлгү жабылган жылаңач денесин карап алып катып калды. Чыңалган булчуңдар, сулуу жана көрктүү денени көргөндө кыздын жүрөгү батыраак согуп калгандай болду.
– Кел, отур. Болушка эмне дедиң?- жигит кыздын сугалактык менен карап жаткан көздөрүн байкамаксан болду.
«Апам ооруп калды, бүгүн алардыкында болом» деп айттым.
– Аа, демек, таң атканча бош турбайсыңбы, ээ?
– Жок. Апамдардыкына барам.
– Бүгүн биз сүйлөшчү сөздөр көп. Калсаң да болот.
– Эртерээк сүйлөшөлү, мен кетем.
– Хм, бери басчы. Эмне мага таарынып жатасыңбы?- кызды өзүнө тартып эки ийининен бекем кармап сүйлөдү Арсен.
– Кызыктай суроо. Ыраазы болушум керекпи?
– Билесиңби, мына бул оюндун баары бүткөндө сен мага ыраазы болосуң. Андыктан кеңеш берем. Таарынба, садагам,- Арсен кыздын жүзүнө жакындай берип кулагына шыбырады.
Кыздын денеси балкып калды. Көздөрү тумандай түштү. Жигит муну байкады, "оюнду" уланткысы келгендей аярлык менен кыздын моюнунан өөп койду.
– Арсен...
– Оу...- жигит кайра өптү.
– Келекелеп жатасың.
Жигит үндөгөн жок. Кызды өзүнө тартып эриндеринен өөп, ордунан так көтөрө керебетке алып келди. «Муну да камерага түшүрүп жатат» деп ойлоп кетти кыз. Бирок өзүн кармай албай койду. Жигиттин эркине багынып берди.


ххх


Кыздын жүзүнө кызыл жүгүрүп, негедир кубанычтуу. Көкүрөгүндө «баары бир Арсен мени жакшы көрөт экен» деген үмүт пайда болду.
– Сен мени акыры бир күн кечире аласыңбы?- жигитти үмүттүү көздөрү менен карады.
– А мен сага таарынган эмесмин.
– Бул, балким, акылсыздык го, бирок мен сени сүйөм, Арсен.
– Кызык, андай сезим сенде жашайбы, ээ?
– Башында эле сүйгөм. Бир көргөндө эле. Чоң атамды ээрчип биздин үйгө келгениңде эле сага болгон сезим жаралган. Андан кийин... Билбейм кантип актанарымды. Мен абдан акылсыз жорук жасадым. Азыр болсо "эгер ошол сезимдерди эч нерсеге алмаштырбай койгонумда мен абдан бактылуу болмок экенмин" деп өкүнөм. Мен сенден өмүр бою кечирим сурап өткөнгө даярмын. Кечире аласыңбы?
– Бегимай, сен өзүң жасап койгон жырткычты кайра адамга айлан деп жатасың,- Арсен күлүп койду.
– Демек, кеч?..
– Андан көрө сен мага Болуш тууралуу айтып берчи?
– Сен чындап эле жырткычсың!
– Сен жасаган жырткычмын. Эми Болуш тууралуу.
Кыз бир топко үндөбөй турду. Анан бир убакта жинденген түрү менен айтып баштады.
– Болуш эмне? Болуш мыкты эркек. Жентльмен дегидей эркек. Башы иштейт. Миллиондогон акчаларды табат. Каалаганын сатып алат.
– Билесиңби, Бегимай, сен атайылап менин жиниме тийгенге аракет кылба, майнап чыкпайт. Болуштун жанында жатып да, сенин бүт ойлоруң мен жөнүндө болуп жатканын дапдаана билип турам,- жигиттин бул сөзүнөн кыз делдейе түштү. Билгендей айтты го.
– Андан көрө Болуштун жакында депутат болгусу келип жатканы боюнча айтып берчи.
– Ал жөнүндө эч нерсе билбейм. Бир билгеним анын саясатчы достору бар.
– Болуш сенин көзүңө чөп салганын байкадың беле?
Үшкүрүнүп алды кыз. Ал азыр өзүнө-өзү боору ооруп кетти.
– Ооба, ал дайым эле солго басып жүрөт. Эмнесин айтасың, ал өтө кыз жандуу неме. Мен унчукпайм. Балким, унчукпаганым үчүн ага жагып жүрсөм керек.
– Мдаа... Бегимай, мен сага жаңы тапшырма берет окшойм. Эгер мыкты аткарсаң, мен сага эркиндик берем. Эркиндикке кошуп, жанагы батирди, Гелендвагенди алып берем. Мыйзамдуу түрдө.
– Мага сен керексиң.
– А мен жаныңда болом. Кам санаба, -Арсендин бул сөзүн угуп кыздын көздөрү жайнай түштү.
– Эми ук. Мени ээрчип жүргөн сулуу орус кызды көрдүңбү?
– Ооба.
– Ошону Болуштун коюнуна салып беришиң керек.
– Кантип?
– Курбум деп үйүңө алып бар. Калганын Лиза өзү эле жасайт.


ххх

Лиза телевизор тиктеп отуруп таң атырды. Арсен болсо жок. Телефону өчүрүлгөн. Түш оой гана кирип келди. Жылмайып алган.
– Лизка, таарынып калыпсың, дароо байкадым.
– Кайда жүрөсүң?
– Экөөбүзгө кам көрүп жүрөм, жаным. Лиза, мен дароо эле сага айтышым керек. Кыскасы, бир миллионер бар. Торубузга түшүрүшүбүз кажет. Мен сени жакшы көрөм го, билесиң. Бирок... Бирок сен ошол миллионерге тузак саласың. Кыскасы аны сени зордуктады деп подстава кылып торго түшүрүшүбүз керек. Мен баарын ойлонуштуруп койдум.
– Эмне?!- Лизанын үмүттөрүнүн баары талкаланып түштү. Жүрөгү зырп этип көзүнө жаш келди. Ал мындайды күтпөгөн.
– Лиза, ыйлаба. Бул экөөбүздүн келечегибиз үчүн. Ишти бүтүрөбүз, Кыргызстандан кетип калабыз. Болгондо да өмүрүбүздүн аягына жеткидей акча менен кетебиз.
– Жок!- Лиза ыйлап жатты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
shermamat
2017-10-31 09:00:24
Манжанардын учу мн эле жазылат ко коооп кооооптон эле жазгылачы дагы 1жума куттурбостон
+8
Anichka12
2017-10-31 09:00:24
Мен биринчи
-4
shermamat
2017-10-31 09:02:42
Anichka12,каяктан сен экинчи болуп турбайсынбы
+11
Pandora
2017-11-02 02:07:50
shermamat,)))
0
Anichka12
2017-10-31 09:01:00
Мен биринчи
-3
shermamat
2017-10-31 09:01:18
Дагы бир жума
+1
alisha00
2017-10-31 09:18:05
Арсенден жийиркенип кеттим
+3
Ferdews
2017-10-31 11:13:54
Че то Арсенчик жакбай бара жатат, жек коруу, кек, ач коздук, оч алуу адамды тунгуюка гана алып барат, ушул сапаттардын артынан жыргап кеткен адамды коро элекмин.
+7
Altynbek-kg
2017-10-31 11:49:41
Арам тамак Арсен.
+5
MIRBOLOT
2017-10-31 16:21:15
Арсенди аябай эле "супермен" кыла баштады го...
+2
Aytur
2017-10-31 18:53:40
Эркекти коруп возбуждение болгон аялды биринчи угушум.
Кучактап ооп койсо эле козу тумандап озунчоле тошок жиндисиго Бегимай
+2
aika2015
2017-10-31 19:49:36
Арсенчик...Арсенчик... бир кыз учун ушунчалыкка барасынбы?унутчу Бегимайды.Бакытын жанында турат жакшылап байка аны да Болуштун койнуна салып берсен эркек эмессин!
0
originalkgz96
2017-10-31 21:15:29
Ушу лиза сонун кыз
+1
Ma9
2017-10-31 22:42:26
лизаны койнуна салып берсен Арсен сени жек коруп каламго
+2
mechta2016
2017-11-01 10:34:05
Лиза, ыйлаба. Бул экөөбүздүн келечегибиз үчүн. Ишти бүтүрөбүз, Кыргызстандан кетип калабыз. Болгондо да өмүрүбүздүн аягына жеткидей акча менен кетебиз.-хмм...Лизаны алдап жатабы же Бегмайдыбы...кызык?
+1
Sarywkin.sarywkin
2017-11-01 15:59:01
Мен дагы Арсенден жийиркенип баштадым. Эмне анча ач коз болуп баратат.
0
KOCMOC
2017-11-02 21:38:59
Арсенди жаман көрө баштапсыңар да. Бегимай менен Болуштун кылгандарын эстесеңер. Атасы экөөнү каматып, токмоктоп. Анысы мейли, Бегимайдын чыккынчылыгын кечирип болбойт!
+1
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан