КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 11-сентябрь
Билими – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм жана саякат бөлүмүн аяктаган
Ырларынын саны – 25, анын 13үнө клип тартылган
Популярдуу ырлары – «Фаридам», «Күлүп койчу айдай», «Карындаш», «Жаным, ай» жана башкалар.
Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу
– Алмаз, кандайсың? Күйөрмандарыңа сыйкырдуу концерт тартуулайын деп жүрүптүрсүң. Бул концерттин сыйкыры эмнеде?
– Жакшы. Аталышы айтып тургандай эле Кыргыз жергесинде биринчи жолу боло турган концерт. Себеби концерттин уюштуруучулары «мындай концерт болгон эмес» деп айтып жатышат. Буга чейин башка ырчыларга сунушташса, «көп каражат сарпталат» деп баш тартып коюшкан экен. Концертте «Фаридам» аттуу альбомумдун бет ачары болуп, сахнада мистикалык фокустар көрсөтүлөт.
– Сенин аткарууңдагы «Фаридам» ыры репертуарыңдагы эң популярдуу чыгарма болду. Жаңы чыгармаларың ошол баскычка жетет деп ойлойсуңбу?
– Мен биринчи «Жаным, ай» ырым менен эле тааныла баштагам. «Жаным, ай» да убагында өзүнүн угармандарын таап, элге жакшы алынган. Бирок «Фаридамдын» деңгээлине жеткен эмес. «Фаридамды» мурда угуп жүрчүмүн. Бирок ырдап калам деп ойлогон эмесмин. Себеби ошол учурда «Кыргыз кыздары» деген шаңдуу ыр жаздыргам. Эмнегедир ал ыр элге алынарына көзүм жетпей, жайылта элек болчумун. Бир күнү «Фаридамдын» сөзүн ошол ыргак менен аткарып көрдүм. Өзүмө аябай жагып, уккулуктуу болоруна көзүм жетти. Аранжировкасы бүтөрү менен таңкы саат 4тө эшикке чыгып алып ырдаганым эсимде. Бир айда эле өз угармандарын тапты.
– Демек, бул чыгарма сенин атактуулугуңду арттырды...
– Ооба, чыгармачылыгымдагы эң көрүнүктүү ырлардын бири болуп калды. Кызыл кроссовки кийип алып элдин алдына ойсоңдоп чыгып, эптемей клип тартып койсом ырчы болом деп ойлогом. Ырчынын аты эмес, чыгармасы хит болгон башкача ырахат экен. Бир жылдан бери «Фаридамды» жакшы ырдагансың, азаматсың. Кыргызстандын булуң-бурчуна тарап, тойлор «Фаридамсыз» өтпөй калды» дешет.
– «Фаридамды» аткаруудан мурда ырдын авторлорунан уруксат алдыңбы?
– Чынын айтсам, эч кимден уруксат сурабай эле жаздырып алгам. Асылбек Өзүбеков агабыз ырдап жүрсө ошонуку экен деп, ал байкеден уруксат сурадым. Ал «ырдай бер» деген. Кийин обончу Тынарбек Амановдун балдары чалып «жакшы аткарыпсың» деген жылуу сөздөрүн айтышкан. Эч ким нааразычылык билдирген жок.
– Учурда «тойлордо кызмат кылгандар патент менен иштеш керек» деген мыйзамдын айланасында талкуу күч алып турган маал. Сенин көз карашың кандай?
– Чет өлкөдө ишке жарамдуу ар бир жаран патент алып эмгектенет. Мыйзам дейбизби же милдет дейбизби, бул Кыргызстанда болуш керек деп ойлойм. Эмне жумуш аткарбайлы эмгек акыбыздын канча бир пайызын мамлекетке бергенибиз туура. Мен деле ырдап жүрүп тапкан каражатымдан мамлекеттин эсебине бир жылда 2 миң сом бергенден качпайм. Бирок мен азыр патент алууга каршымын. Себеби өлкөбүздө жемкорлук күчөп кеткен. Биз салык катары төлөгөн акчабыз мамлекеттин казынасына түшүп жатабы, жокпу деген суроо бар. Ал акчалар орто жолдон эле башкалардын чөнтөгүнө түшөрүнө 100 пайыз ишенем.
Негизи рейд жүргүзүп, ырчыларды тойдо ырдап жаткан жеринен аңдыган жапайычылык. Телефон деген бар, чалып, кеңсеге чакырып кеңири түшүндүрүү жүргүзсө болот да.
– «Ырдын популярдуу болорун алдын ала сезгем» деп калдың. Туюу сезимиңе канчалык ишенесиң?
– Ички сезим эле эмес, акыл таразасына да салып көрөм. Кээде түшүмдө аян берилет. Мисалы, 2 жыл мурун концертимде караңгы болуп, эл көзүмө көрүнбөй койгон. Анан концертимде чындап эле эл аз болгон. Дагы бир жолу эртең Таластан Бишкекке чыгам деген күнү шаарга жетпей калган түш көрдүм. Бир нерсе болуп кетпесин деп жай айдап келаткам. Кара-Балтага жеткенде жолдон дөңгөлөк жарылып кетти. Анан түшүмдө ушуну көргөн турбаймынбы деп калдым. Азыр шоу концерт тартуулайм деп жүрбөймүнбү, бул ирет да түшүмдө аян берилди. Буюрса, жакшы болот экен деп жоруп койдум.
– Сенин ысымың кино тармагында да угулуп жүрөт...
– 2012-2013-жылдары «Дөөлөт» студиясында иштеп, ар кандай мультфильмдерде, тасмаларда үн коштоп жүрдүм. «Жашоо сүртүмдөрү» деген түрк сериалындагы Эткиндин үнүн коштогонумду көпчүлүк билбесе керек. Андан кийин «Чыңгызханда» Боорчу деген аскер башынын, «Аватар» тасмасында дарыгердин үндөрүн коштогом. 2015-жылы актёр катары «Апа, быйыл сөзсүз үйлөнөм» деген тасмада эпизоддук роль жаратып, тамашакөй, шок баланын образын ачып бергем. Бирок өзүм тасманы көрө элекмин, кинодогу каарманым жакпай калган.
– Актёрдук талантыңды улантып кетейин деген максатың барбы?
– Чыгармачылыгымдын бир бутагы болгондуктан сунуш болсо баш тартпайм. Мага романтик жигиттин образын ачып берген жагат.
– Сөзүбүз жеке жашоо тууралуу болсун. Жүрөгүңдүн ээсин таптыңбы?
– 2010-жылдан бери чыгармачылык менен жүрүп убакыттын өткөнүн байкабай калыптырмын. Кыз жандап, ага көңүл бурганга убакыт тар болду. Жашым 27ге келип калды.
Мени түшүнгөн, ыймандуу, жылдыздуу кызга туш болсом дейм. Боёнуп, кашы-көзүнө татуаж кылгандар ойлоп жүрүшөт да сулуу болдук, мырзаларга ушинтип жагабыз деп. Мен эч качан татуаж кылып алгандарды көрүп «сулуу болуп кетипсиң же сага жарашат экен» деп суктанган эмесмин.
– Рахмат маегиңе!
Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg