50 ЖАШТАН КИЙИНКИ ЖАШОО. ЭРКИНДИК, КАЙРА ЖАРАЛУУ

Балдар үчүн, жаштар үчүн, үй-бүлөлүүлөр үчүн, ата-эне үчүн кантип жашоо керек, убактыңды кантип коротуу керек айтылат, жазылат, үйрөтүлөт. Бирок 50 жаштан кийин эмне кылуу керек экенин көп сөз кыла бербейбиз.Бүгүнкү макаланы эр ортону болгон куракка арнадык. Бул жолу 50 жаштан кийин психологияда, физиологияда кандай өзгөрүү болот? Эмнеден аттап өтүп, эмнени жеңүү керек экенин психолог Айзада Танаева жана сексолог Мирлан Айбашов айтып беришти.


АЙЫМДАР

Буга чейин сиз көп милдетти өтөдүңүз. Окудуңуз, иштедиңиз, турмуш куруп, балалуу болдуңуз. Балдарды тарбиялап, жубайлык, энелик милдетти аткардыңыз, балким, карьера жасадыңыз. Бала бакчага, сабакка ташымай жок. Эми айта берсе өтө көп, сиздин жашооңуздун ой-чуңкуру сизге гана белгилүү. Эми сиз эркин калдыңыз. Демек, эркиндик менен ырахаттануу гана калды.
50 жашта аял көрктөнүп, сулуу, жайдары болуп чыга келет. Эмне үчүн? 40 жаш аялдар үчүн оор кабыл ала турган жаш. Көпчүлүк учурда аялдарда климакс башталып, гормондор секирип эмоционалдык фон бузулат. «Менин сексуалдык жашоом аягына келдиби? Мен чын эле карыдымбы?» деген коркуу, апкааруу пайда болот. Ал эми 50 жашта энергиясы калыбына келип, өзүн кабылдап калат. Өткөн-кеткенин таразалап, тажрыйбалуу, ишенимдүү, түшүнүктүү, кечиримдүү болуп калышат.
Ошентсе да күйөөсү менен жашагандарга караганда бойдок аялдарда оор өтөт. Анткени жалгыз бой айымдар балдары чоңоюп кеткенден кийин өзүн эч кимге керексиз адамдай сезип калышат. Жалгыз бой курбуларды күтөт. Эреже боюнча жалгыз бой адам жалгыз бой адамга тартылат, анткени үй-бүлөлүү адам менен жалпы кызыкчылыгы жок калат. Бирок айым бул айлананы жарып өтүп кызыктуу, ийгиликтүү, бактылуу адамдар менен баарлашканы туура. Чекелерин тийгизип алып арманын айта берген экөөнө тең пайда алып келбейт.
Жогоруда бош убактыңыз көбүрөөк калды дебедикпи. Эми аны кантип пайдалуу бөлүштүрүү керек. Байпак токуп эле отургучта күн чубактап отуруп калганга сизге эрте. Демек, өзүңүз менен алек болуп, каалаганыңызды аткарууга, бир нерсе жаратууга убакыт келди. Айрымдар тил үйрөнүп, жан дүйнөсү эңсеген хобби менен алектенгени оң. Ошондуктан 50 жашты эркиндик жана кайра жаралуу доору деп аташат.
Кайсы бир учурда аялдарды бырыштар, чоң эне, таене болуу статусу, пенсияга чыгуу чочутат. Жок, эч чочубаңыз. Анткени ал бырыштардын ар бир сызыгында сиздин эмгегиңиз, жашап өткөн маанилүү окуяларыңыз, кимдир бирөөгө камкордугуңуз, сүйүүңүз жатат. Сиз мурункудай эле сулуусуз. Болгону ден соолукту калыбында сактап, оор салмактан арылып, чыйрак, сергек жүрүңүз.
Жаштык менен коштошкуңуз келбейт. Бырыштарды тарттыруу, пластикалык операция жасоо менен жаш болуп кала албайсыз. Көз караш баары бир адамдын жашын билдирип коёт. Ал эми 50 жашка чыгып бырышсыз, бирок көздөрүңүздөрдө коркуу, тынчсыздануу, өзүнө-өзү ыраазы болбоо турса, анда ал сулуулук эмес. Тескерисинче жашоосуна, балдарына, күйөөсүнө, карьерасына ыраазылык менен караган көздөр сулуу көрүнөт. Андыктан бырыштардан эч коркпоңуз. Жашоо жаңы түстөр менен кооз. Али баары алдыда!

ЭРКЕКТЕР

Эркектер үчүн 50 жаш аялдарга караганда татаалыраак өтөт. 40 жаш аялдар үчүн кыйын болсо, 50 жаш эркектер үчүн кыйын. «Эр ортону 50 жаш» дешет. Тажрыйбалуу, үйлөнүп, балалуу болуп, үй салып, материалдык байлык топтоп , бак тигип да бүттү. Бирок мурункудай бир нерсени тез бүтүрө калам десе күчү аз. Күч бул эркектер үчүн маанилүү нерсе. Ушул учурда «мен чын эле карып баратамбы?» деген ой ээлеп алат. Дүрбөлөңдөн улам унутчаак боло баштайт. Бул нерсе ого бетер аны кыжырлантат. Жүзүндөгү бырыштарга, сексуалдык дараметине көбүрөөк көңүл буруп баштайт.
Организмине көбүрөөк көңүл буруп, кичине эле ооруса алаамат болуп бараткандай сезилет.Мурун байкабай же байкагысы келбей жүргөн оорулар деле көзүнө чоң көрүнүп баштайт. Аны тынчтандырып, жоошуткан жакын адамы болгону оң.
Көп учурда эркектер ушул жашта башка аялдарга көңүл буруп, флирт кылганга, жаш кыздарга тамашалап кеп айтканга көбүрөөк ыктай баштайт. Анткени алар дагы деле мурункудай жарашыктуу, күчтүү көрүнүп жатамбы деген ойдон улам, өзүн-өзү канааттандыруу, өзүнүн көзүндө өзүн бийиктетүү максатында ушул жолго барышат. Аны 5 колундай жаттап бүткөн жубайы эмес, 5 мүнөт болсо да башка бир аялзатынын көз карашы кызыктырат. Айрым учурда үй-бүлө күткөнгө аракет кылышат. Бирок көп учурда кайра эле биринчи аялына кайтып келүү ыктымалдуулугу күч.
Эркектердин бул кыжырлануусу, өзүнөн-өзү капа болгону өтүп кетет. Бул учурда жубайы өтө жакшы жардамчы болуусу зарыл. Камкордугу менен, сабырдуулугу менен бул абалдан өтүп кеткенге жардам бергени оң.
Жалгыз бой эркектерге оор. Айрымдар депрессияга алдырып коюшат. Андыктан түгөй издөө иши алдыңкы планга чыкканы оң.
Эркектер, 50 жаш карылык эмес. Бул жаш бир дем менен артыңа кылчайып карап алуу менен кайра алдыга план коюп издене турган жаңы тепкичтин башталышы. Сиз дагы деле күчтүүсүз, далай иштерди бүтүрө аласыз. Болгону бул убакытты, организмдеги өзгөрүүлөрдү татыктуу кабыл алып, андан ары арышты кең таштаганыңызга мүмкүнчүлүк.


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
barakcha
2017-11-01 15:39:17
Карыгым келбейт...Убакыт куштай эле учуп атат эх...
+2
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан