Cакадай бою сары алтын, кыргыздын дагы бир таланттуу мырзасы, актёр Амантур Мусаев сүйүктүүсү Миргүл менен баш кошту. Той 23-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өтүп, эки жаш колуна нике шакегин тагынышты. «Той өзүмө аябай жакты. Тоюбузга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери, Эл артисттери жана Маданияттын мыкты кызматкерлери келип, түрдүү оюн-зооктор ойнотулуп, кече аябай кызыктуу болду»,- дейт Амантур. Таттуу түгөйлөрдүн түптөп жаткан үй-бүлөлүк пайдубалы бекем болсун!