«Дүйнө сулуусу-2017» сынагына Кыргызстандын атынан катыша турган модель Бегимай Карыбекова Кытайга сапар тартпай калды. Бегимайга байланышканыбызда ал:
-Биз виза үчүн тийиштүү документтердин баарын тапшырганбыз. Бирок Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги виза бербей койду. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылганыбызда «бул маселени чечүү биздин колубуздан келбейт» деген жооп келди. Тааныштарыбыз социалдык тармактарга жазып маселени чечүүгө болорун айтышты. Биз интернет баракчаларына кайрылуу жазып чыккандан кийин массалык маалымат каражаттары үн катышты. Кийин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбековага, Тышкы иштер министрлигине чейин байланыштык. Бизге Президенттик аппараттан байланышка чыгып, виза боюнча элчилик менен сүйлөшүп жатканын кабарлашты. Кытай Эл Республикасынын Кыргыз жергесиндеги элчилиги визаны 1-ноябрда ачарын билдиришти. Эмне себептен кечиктирилип жатканын эч ким түшүндүргөн жок. Бирок сынактын биринчи баскычы 27-октябрда старт алмак да. Эми виза алганыбыз менен пайда жок. Ошентсе да мен үчүн күйгөн күйөрмандарыма, мага колдоо көрсөткөн бардык адамдарга рахмат айтам. Бир жагынан капалансам, бир жагынан күч топтоого мүмкүнчүлүк болуп жатат. Буюрса, мен жаратчу ийгиликтер алдыда,- деп жооп берди.
Айта кетсек, "Дүйнө сулуусу-2017" сынагы Кытайда өтүп, ага дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн бийкечтер ат салышат.