ЖУСУП МАМАЙДЫН ЧӨБӨРӨСҮ МАНАСЧЫГА АРНАП КИТЕП ЧЫГАРДЫ


Улуу манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесине арналган «Жусуп Мамай бабамдан баян» китеби жарыкка чыкты. Китепти залкар манасчынын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы уулу жазган.
-Китеп Жусуп Мамай атабыздын өмүр жолун баяндайт. Жалпы 3 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө өмүр баяны, манасчы айтып кеткен санжыралар, накыл сөздөр камтылган. Экинчи бөлүгүндө 100гө чукул элестүү сүрөттөр, ал эми үчүнчү бөлүгүндө улуу инсандардын Жусуп Мамай тууралуу айткан сөздөрү жазылган. Буюрса, жакын арада бет ачары болот. Азыркы учурда Кытайда, Кыргыз жергесинде да 100 жылдык мааракени белгилөөгө даярдыктар жүрүп жатат,- дейт ал.
Буга чейин Тургунаалы Турсунаалы уулу манасчы, «Кара жорго» бийлеген бийчи катары таанылып келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан