«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ары ойлонсо да, бери ойлонсо да баары бир Арзуу кызын жашы улуу адамга кыйбай койду. Жүрөгүнүн түпкүрүндө Жамилянын бактысыз күн кечирип жатканын билчү. Ага да жүрөгү ооруп, өз күнөөсүн сезип кетер эле. Улуу кызын сактап кала албаса да Нурилясын сактап калышы керек. Окутуп, келечекте бир кесиптин ээси кылып, өзү теңдүү азамат жигиттин колуктусу катары көргүсү келди. Кайрадан эле кызын ойлобой, өз амбициясынын кулу болуп жатканын сезген жок. Кандай болгон күндө да баланы боюнан алдырта турган болду.
– Мен көп ойлондум, кызым. Башка чарабыз жок.
– Жок!
– Анан эмне кыласың? Атаңдай болгон немеге тиесиңби? Сенин келечегиңди ойлоп жатам.
– Арген келет, ал мага кайтып келет.
Арзуунун ачуусу келе түштү.
– Качан сага акыл кирет? Ал келбейт, сен аны күтүп отура бер, курсагың күндө чоңоё берсин. Мен айылга баш көтөрө албай калдым.
– Менин айыманбы? Балким, өзүңдүн да күнөөң болуп жүрбөсүн?
Күтүлбөгөн мындай сөзгө Арзуунун бүткөн бою титиреп кетти.
– Эмне-е?
– Айылга сенин кылыгыңдан мен баса албай калгам, апа. Мен! Кимдер гана болгон жок жашооңдо? Ал тургай...
– Жап оозуңду!
Арзуу кызын жаакка чаап жиберди. Чоңойгону биринчи жолу кол көтөргөнү. Керебетине жүз төмөндөп кулап түшүп ыйлап жаткан кызын карап туруп чыгып кетти. Баары бир эне-кыз бул абалдан чыгып кете алышпады. Айласы жок боюнан алдырганга туура келди. Бул кадам көп аялдын башына келген чарасыздык. Жүрөк алдында жайгашкан этиңдин бир бөлүгүн темир кыпчуурлар менен алып жаткандагы абал эч кимдин башына түшпөсүн. Денеңдин ооруганы бир тең, жан дүйнөңдүн сыздаганы бир тең. Кайсынысы көбүрөөк ооруйт? Аны эч бир аял биле албаса керек. Бирок бардык аялдар өзүн-өзү жек көрүп, бирөөнүн жашоо укугун алып жатканын, денеңдин бир бөлүгү таштандыга ыргып жатканын сезет. Нуриля көзүн чылк жумуп жата берди. Өзүн кайсы бир чуңкурга кулап бараткандай, карманарга эч нерсеси жок немедей сезди. Кулагына «эсин жоготуп баратат» деген үндөр угулду. Анан баары бүттү. Былч деп барып кулап түштү.
Араң басып алдында кетип бара жаткан кызын карап Арзуу үнсүз жаш төгүп кете берди, опол тоодой жүк басып.


ххх

Ал эми дүйнөнүн бир бурчунда улуу кызы Жамиля да бул учурда эс-мас ооруканада жаткан. Дарыгерлер Керемге «эне-баланы сактап калуу үчүн бардык күчүбүздү аябайбыз» деп айтышты. Керем өңдөн кетип коридордо басып турду. Бул күнү ал Жаратканга үнү жеткиче жалынды. «Сактап кала көр, Алла. Төрөлө турган баламдын жанын сактап кала көр. Мендей адамга кечирим жок. Бирок ал наристени сактап кал. Ал менин акыркы үмүтүм. Эгерде бүгүн бул жерде бир жанды алууну кааласаң, баламдын ордуна мени ал. Ал жашасын! Наристем жашасын, менин андан башка эч кимим жок». Отуруп-туруп, басып жалынып жатты. Деле анын мындай түрүн көрбөгөнүнө жардамчылары таң. Ахмеддин баласы, анын аялы го акыры. Бир кезде эшик ачылды. Жалт караган Керем дарыгердин жүзүн көрүп жеңилдене түштү.
– Аман-эсен, бала жашоодо!- деди тиги да күлүмсүрөп.
– Оо, Аллага шүгүрлөр болсун! Аман-эсен,- деп жиберди Керем.
– Жынысын билгиңиз келеби?
– Албетте, ким экен?
– Эркек!- дарыгер аны далыдан таптап басып кетти. Күч кетти буттарынан. Дубалды таяна калды. «Эркек экен, мураскер, демек» деп күбүрөнүп алды. Көзүнөн жаш кетти.
Жамилянын көз алдында деңиз толкунунда чайпалган Алибектин сулк денеси. Эптеп эле кабарын билсе. Палатага кирип келген Керем чөгөлөй калды.
– Аман-эсен.
– Алибекпи? Али аманбы?- деп жиберди кыз кимди айтып жатканын түшүнбөй.
– Бөбөк аман-эсен. Уулубуз.
Деми кесиле түштү Жамилянын. Үнсүз жатып калды. Керем эмне кыларын билбей турду да, акырын үн катты.
– Болуптур, аны аман калтырам. Азыр жакын жердеги ооруканага алып барышат. Билип кой, бир гана сен үчүн. Эсиңде болсун, экинчи жолу мен анын жанын тартуу кыла албайм. Муну сен да түшүн.


ххх

Алибек ооруканада эсине келди. Кабыргалары сыныптыр, башынан жаракат алыптыр. Денесинде тамтык жок. Полиция кызматкерлери келгенде аны сабап кеткендер ким экенин билбегенин айтты. Эч нерсе эсинде жок экен. Эсинде калганы Жамилянын боздоп ыйлап «койгула, токтоткула» дегени болчу. Кантип кабарын алса болот? Тынчсыздануудан жанын коёрго жер таппай калганда күтүүсүздөн Жамиля кирип келди. Көздөрү алайып аябай арыктап кеткен экен.
– Сен кайдан?- деди ал көрүп турган көзүнө ишене албай.
– Сенин мында экениңди тигилер айтты. Керем...
Суз, кургак сүйлөдү. Көзүн ала качып, жүзүнө тик карай албайт.
– Эмне болду?- деди Алибек жүрөгү сыйрыла.
– Кет эми, мындан артык эмне болсун. Мен сага кетишиң керек экенин айтканы келдим. Али, аман калдың. Ошого шүгүр кылалы. Унут мени.
– Эмне-е? Сен эмне деп жатасың?
– Кыргызстанга кет. Мен сени менен кете албайм.
– Жок, жок, жаным, сен мени менен кетесиң. Мен бир жолун табам, алып кетем сени. Башыңды чайкаба, коркпо. Сени булар коркутуп салыштыбы? Эч нерсе эмес, бул жолу жеңилдим, кийинкисинде жеңебиз. Сен жанымда болсоң...
– Мен кетпейм. Мен бул жерде калам, төрөшүм керек, баламды атасыз, дүнүйө-мүлксүз калтыргым келбейт. Мен анын эбегейсиз байлыкка ээ боло турганын билип туруп биздин жерге алып кете албайм.
– Бул акылың сага түштөн кийин кирдиби?
– Ооба. Кечээ жакында эле билдим.
Жамиля көзүн алып качты. Ичинен «эч нерсе сураба, суранам сенден, кет. Мен бул кадамга барганга аргасызмын» деп жатты. Алибек ишенген жок. Коркконунан келгенин билди. Күлүмсүрөп тура берди. Эмне десе да, кандай сөз айтса да Жамиляны тиктеп тура берди. Чыдамы жетпей кеткенде Жамиля кыйкырып жиберди.
– Сен кандай немесиң, ыя? Зордоп алып кетесиңби мени? Мен башка жашоо-шартка көндүм. Мен байлыктын даамын таттым. Мындан ары да ушундай жашагым келет.
– Ишенбейм. Сен мени кетип калсын деп айтып жатасың.
– Ишенбейсиңби, ээ? Анда бул сүрөттөрдү кара. Менин ким экенимди билип ал. Мен Керем менен өз эрким менен жаткам. Уктуңбу? Андан өз эрким менен балалуу болгум келген. Мына, ал!
Сумкасындагы сүрөттөрдү Алибектин жүзүнө ыргытып жиберди. Мында Жамиля Керемдин кучагында турган, өбүшкөн, чогуу жаткан көп түрдүү сүрөттөр бар эле. Алибек сүрөттөрдү тиктеп турду. Мына анын жаш денесин мыжыга кармаган эркектин жүндүү колдору. Жамилянын жүзү. Муундары титиреп кетти.
– Сен эмне деп жатасың?
– Алгын. Эми ишендиңби? Бул менмин. Мен сенин Жамиляң эмесмин. Эми кет, уктуңбу? Кеткин дейм. Мени жайыма кой!
Дубалдар үстүнө түшкөндөй болду. Алибек жерде жайнаган сүрөттөрдү тиктеп турду.
Араң чыкты. Жыгылып кете жаздап араң карманып бара жатты. Жамиля ушу жашка чейин мынчалык күйүттү сезбеген эле. Атүгүл зордукталган күнү да, аргасыз кем акыл адамга никеге турганда да жүрөгү мынчалык зыркырабаган. Күйүп бара жаткандай сезилди. Аптыга-аптыга дем алып алды. «Көтөрөм мен, мен баарын көтөрө алам. Болгону Алибек аман калсын. Калган бардык нерсени көтөрөм».
Бирок ал көтөрө албаган жүктү моюнуна алып жатканын билген жок. Бүтөт деген бул абал күчөп, өмүр бою жан дүйнө оорусуна алып келерин билбей жатты. Булардын баарын көз алдынан өткөрүп турган Керем жеңиштүү жылмайды. «Хм, баары мен каалагандай, мен пландагандай ишке ашат» деди ал өзүнө-өзү ишенимдүү. Ким билет, балким, мүмкүн. Бул сөздөр Керемдин лексиконунда жок болчу. Бирок тагдырдын жазуусунда бар эле...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Eliza.nurjanovna
2017-10-31 06:14:28
Дееги качан бутот экен бул сериал? Жамиляны Кыргызстанга жоното албай эле койдук го
+2
aliya-leyla
2017-10-31 09:04:19
Мен биринчиииии
-5
alisha00
2017-10-31 09:24:37
Мен экинчиии
-3
Lekarstvosvoegomuja
2017-10-31 09:38:43
Кызык! Жанагы суроттор каяктан чыкты Керем менен Жамилянын?
+9
KOCMOC
2017-11-02 21:36:16
Lekarstvosvoegomuja, мага да ошол кызык болуп жатат. Керем зордуктаганда тартып үлгүрбөсө керек.
0
Bulak25
2017-10-31 09:51:44
акыр жагы фантастика болуп кеттиби
+5
Azimjan_95
2017-10-31 13:37:51
Улам улам аябай эле жестко болуп баратат жалко
+3
010288
2017-10-31 13:53:20
Админ сонку кабарынар эмнеге чыкпай жатат?
+1
admin_media
2017-10-31 14:57:37
010288,
Саламатсызбы! Техникалык катачылыктар түзөтүлдү, http://www.super.kg/kabar/
0
rtuiop
2017-11-01 01:14:37
Фотошоп да... Керемдей болгон адамдардын акылына мындайлар бат бат келет эмесби
0
Girl1996
2017-11-01 10:54:59
Oshondo emne Jamila toroi elekpi? Uul ekenin aityp chykkanynan aitam da?
0
Dilbaranurdinova
2017-11-01 12:09:24
ыйлап алдымго .....жан дуйнонун сыздагыны баарынан жаман....
+3
Beks0207
2017-11-01 13:28:30
Керем ошондой кыласын деп суйлошуп атайын суротко ошентип тушуп жоноттуда болбосо алибегини яман кылам дедида
0
Samat777
2017-11-01 20:10:18
Болбогон эле жомок го турмушта мындай болбойт күлкүсүн гана келтирет хе хе
-2
Isirailova93
2017-11-02 16:31:05
Кара севдаго бул жагы))
0
aytkulova
2017-11-07 06:04:18
Жаңы саны качан чыгат эми((
0
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан