Ушул жылдын 12-октябрынан 13үнө караган түнү Бишкек шаарында Алия аттуу келин «кайнатасын бөтөлкө менен башка чаап, анын сыныгы менен далысына сайгылап салган» деп шектелип кармалган. Жабырлануучу «Тез жардам» кызматы аркылуу Улуттук хирургия борборуна жеткирилип, ага дарыгерлер тарабынан жардам берилген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда келини алгач кайнатасы зордуктаганга аракет кылганы үчүн ушул кадамга барганын айтып түшүндүргөн.
«ЮРИДИКАЛЫК БАА БЕРИЛЕТ»
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери Мира Абдылдаева бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
– Тергөө учурунда кайнатасынын келинин зордуктоого аракет кылганы тастыкталган жок. Ал келин тергөөдө «ошол убакта жинденгенимден улам кайнатам зордуктаганга аракет кылган деп айтып алгам» деп көрсөтмө берди. Ал ошол күнү кайнатасына кичинекей кызына «жалаяк ала келесизби» деп суранган экен. Бирок кайнатасы жалаякты унутуп коюп, үйүнө кызуу келиптир. Келини ошого жини келип кайнатасынын колундагы бөтөлкөнү жулуп алып, аркасына уруп жиберген. Бул үй-бүлөлүк чыр-чатак. Келини кайын журтунан кечирим сурап, өз ара чечишип алышкан. Жабырлануучу анын үстүнөн арыз жазган жок, ошондуктан келин кармалган жок, ал ошол эле үйдө жашап жатат. Жабырлануучу оор жаракат албагандыктан кылмыш иши козголгон жок. Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү бул факт боюнча иш алып барып жатат, жыйынтыгында юридикалык баа берилет.
«КЕЛИНИМДИ ЗОРДУКТАГАНГА АРАКЕТ КЫЛГАН ЭМЕСМИН»
Биз жабырлануучунун инисине жолукканыбызда ал «Ушул окуядан 2 күн мурун келиним менен иним уруша кеткен. Ошондо иним андан качып үйдөн кетип калган. Экөө буга чейин деле урушуп жүрүшчү, бирок мындай деңгээлге жеткен эмес болчу. Негизи келинимдин психикасында мандем бар, аны текшерип көрүш керек» дейт. Ал эми жабырлануучу «мен эч качан зордуктоого бармак эмесмин» деп төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен келинимди зордуктаганга аракет кылган эмесмин. Биз үй-бүлөдө 13 бир тууганбыз, баары тарбиялуу, андай жолго эч кимибиз барбайбыз. Уулум менен келиним ажырашып, кайра жарашып жүрүшкөн. Мен болсо экөөнүн ортосундагы мамилесине аралашчу эмесмин. Келинимди батиринен чыгарып салып, ал убактылуу «жашап туралы» деп үйгө келиптир. Мен макул болбой койсом, жүктөрүн 2 күнгө тура турсун деген үчүн жашап турушкан.
Мен ошол күнү кечинде дүкөнгө барып, үйгө келгем. Үйгө кирсем эле келиним оозго алгыс сөздөр менен мени сөгүп кирди. Ошол убакта неберем полдо жөрмөлөп жүргөн. Ал мени көздөй жөрмөлөп келе жатканынан аны көтөрүп алайын дегенимде келиним мени кармап силкилдетип, сөгүнүп баштады. «Ары бар» десем болбой койгонунан түртүп жиберсем кетип калган. Неберем менен отурсам артымдан келип башыма чапты эле, эсим ооп калыптыр. Жатып калганымда далыма сайгылаптыр. Канча жолу чаап, сайгылаганын билбейм. Бир убакта эсиме келсем жерде бөтөлкөнүн сыныктары жатыптыр, ал жерде неберем жөрмөлөп жүрөт. Туруп бөтөлкөнүн сыныктарын тазалап жүрсөм иним «артың бүт кан экен» деп «Тез жардам» чакырды.
«БӨТӨЛКӨНҮН СЫНЫКТАРЫ КИРИП КЕТИПТИР»
Жабырлануучунун абалы турукташканда ооруканадан чыгарылган, учурда ал үйүндө. Анын ооруканага алынып келгендеги абалы тууралуу Улуттук хирургия борборунун хирург-дарыгери Нурлан Сатылганов айтып берди:
– 13-октябрда түнкү саат 1лер чамасында бизге бейтап аркасында кесилген 4 жаракаты аябай канап жаткан абалда жеткирилген. Ошол убакта ал мас, абалы оор болчу. Кесиктер чоң болчу, 4 сантиметрден 8 сантиметрге чейин жетет. Биз ошол замат бейтапка операция жасадык, анда жаракат алган жерине бөтөлкөнүн сыныктары кирип кеткен экен, аларды таап, тазаладык.