Күнөстүү түштүк жергебиздин аймактарында дыйкандар ак алтын аталган пахтанын түшүмүн жыйнап жаткан учуру. Андыктан буласынан кийим-кечек жасалып, чигитинен май алынып, гозо паясы отун катары колдонулган асыл өсүмдүктү айдаган дыйкандардан кабар алдык. Быйыл түшүм кандай? Мээнетти актап жатабы? Макалага күбө болуңуздар.
«ТҮШҮМ ОРТОДОН ЖОГОРУ»
Ош облусунун Кара-Суу районунун Маданият айылы. Жол жээгинде эгилген пахта аянттарынын бирине токтоп, теримчилерди сөзгө тарттык. Алар суроолорубузга жооп берип, терип да жетишип жатышты. Замира Мамишева, 59 жашта, 3 баланын энеси:
– Бул тегеректе эгилген пахталар биздин Яйла Мамишев атындагы дыйкан чарбаныкы. Биздин үй-бүлөбүз эккен пахтанын аянты 70 сотых. Туугандардын арасында 1 гектар, 50 сотыхтан айдагандар да бар. Пахтанын Өзбекстан, Кытай, Кыргыз-5, Фергана деген сорттору эгилет.
Мен пахтада илгертеден, башкача айтканда, 36 жылдан бери иштеп келем 1 күндө 100 килограммдан ашык пахта терип коём. 2016-жылы 70 сотыхтан 1, 6 тонна түшүм алганбыз. Түшүм жакшы болсо андан да ашмак эле. Баасы төмөн болуп килограммын 39-40 сомдон эле өткөргөнбүз. Быйыл азыркы учурда килограммын 45 сомдон өткөрүп жатабыз. Түйшүгүнө жараша баасы 50 сом же андан ашыгыраак болушу керек. Андыктан өкмөт баасын көтөрүп берсе болот эле.
Азыр 2-терим жүрүп жатат. Түшүм ортодон жогору. 1-теримдин түшүмү 500 килограммдай болду. Жалпы 5 терим болот. Бардыгы болуп канча тонна алабыз азыр так айта албайм. Пахта терүүчү комбайн жок кол менен терип жатабыз. Балдарыбыз терилген пахталарды топтоп пахта тазалоочу заводго алып барып тапшырышат. Пахтанын чигитинен май сыгылып алынат. Май сыгылып алынгандан кийинки калдыгы күнжара болот, ал мал үчүн тоютка пайдаланылат. Кар жаап койгондо деле көк косектерин (ачыла элек көк мөмөсү) үйгө жылууга алып кирип койсо ачыла берет. Сен пахтаны жайды жайлай баксаң, пахта сени кышы менен багат.
АЙДАП-СЕБҮҮ, ӨСТҮРҮҮ ИШТЕРИ
Жазында урук дарылоодон өткөрүлүп, анан себилет. Аба ырайы жакшы болсо 10 күндө чыгып калат. Негизи пахтаны эгип, жыйноого чейин 3 ирет сугаруу, 5 ирет культивация, 2 ирет отоо чөптөрдөн арылтуу (жагана), 1 ирет чабык, 1 ирет чеканкалоо иштери жүргүзүлөт. 1 ирет жер семирткич, 1 же 2 ирет пахтанын зыянкечтерине каршы дары берилет. Чеканкалоо – бул пахтанын сабактарынын башын үзүү, анда боюнун өсүшү токтоп, мөмө байлашы тездейт. Теримде өздөрүнүкүн терип бүткөндөр башкалардыкына акыга иштөөгө чыгышат. 1 килограммын 6-10 сомдун тегерегинде теришет. Бир адам күнүгө 60-150 килограммга чейин терип коёт. Акыга жалдап тердиргендердин айрымдары түшкү тамагын да беришет.
Эгерде күн салкын болуп пахта кечирээк быша турган болсо, анын жалбырактарын түшүрүү үчүн дары (кальций цианамиди же магний хлораты же башка) чачылат жана бул дефолиация деп аталат. Жалбырактары түшкөн соң мөмөлөрүнө күн нуру жакшы тийип бышышы эртелейт. Быйыл жаз кеч келгендиктен учурда айрымдар ушул ишти жүргүзүп жатышат.
Гозо паяны (пахтанын сабагы) пахта терилип бүткөн соң жыйнап келишип, үйүп коюшат. Ал дандырга от жагууга керек. Таптуу болуп, нан, самсы дегендер жакшы бышат.
«ПАХТА – НЕГИЗГИ КИРЕШЕ БУЛАГЫБЫЗ»
Насиба Байоглиева, 49 жашта, 4 уулдун энеси:
– Биз быйыл пахтаны 50 сотыхка эктик. Киреше акчасын санаганча жаздан баштап эккенге, сепкенге деп отуруп жалаң акча кетиребиз. Пахта – негизги киреше булагыбыз. Теримде эртеден кечке иштейбиз, белге байланган этекке (алжапкыч) 8-10 килограммдан пахта терип, анан бир жерге төгөбүз. Пахтанын чаңы оозу-мурдубузга кирип жүдөтсө, чанактары колубузду тилип оорутат. Андыктан кээ бирлер кол кап кийип алышат. Күндүз пахта терип кечинде үйгө барып тамак-аш кылып, кир да жууйбуз.
1 ГЕКТАРДЫН ЧЫГЫМЫ
Тоңдурма айдоо (күздө) – 2200 сом.
2 сыйра малалоо (жазда) – 2000 сом (1 жолкусу 1000 сом).
Урук – 50 килограмм. 1 килограммы – 80 сом. 50х80=4000 сом.
Урук себүү (сеялкага) – 1000 сом.
Сууга (суу акысы 1 жылга) – 1000 сом (сугатчыга төлөнбөйт, ар ким өзүнүкүн сугарат).
Культивация жүргүзүү (5 ирет) – 5000 сом (1 жолкуга 1000 сом).
Отоо чөптөрдөн арылтуу (жагана) – бекер (ар ким өзү отойт).
Жер семирткич (аммиактуу селитра) – 500 килограмм. 1 килограммы – 17сом. 500х17=8500сом.
Пахтанын зыянкечтерине каршы дары (омайт же башка) – 1,5 литр. 1 литри – 900 сом. 1,5х900=1350 сом.
Чабык – бекер (ар ким өзүнүкүн чабат).
Чеканкалоо – бекер (ар ким өзүнүкүн чеканкалайт).
Дефолиациялоо үчүн дарыга жана аны чачкан тракторго – 2500 сом.
Трактор же портер (заводго ташыш үчүн жалпысынан) – 6000 сом.
Жер салыгы (1 жыл үчүн) – 430.Жалпы чыгаша – 33 980 сом
Киреше –1 гектардан 2,5 тоннадай түшүм алынат.
2500х45=112 500.
112 500-33 980=78 520 сом.Таза киреше –78 520 сом
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg