“АЛИГИНИ” ШИЛЕКЕЙ МЕНЕН СУУЛООГО БОЛОБУ?

– Төшөк оюнуна киришээр алдында күйөөм “алигисин” шилекейлеп суулап салат. Мунун мен үчүн зыяны жокпу? Бегим, Каракол.
– Пенистин башын шилекей менен суулоого болбойт. Себеби, шилекейде ар кандай бактериялар болушу мүмкүн. Андыктан, суулоо үчүн дарыканада сатылуучу атайын эмульсияны, гелди же бор вазелинин колдонуш керек.


БАШЫ АЧЫЛБАЙТ...

– Мен дүүлүккөнүмдө деле “алигимдин” башы көрүнө бербейт. Бул эмнеси? Же менде оору барбы? Элмирбек, Кант.
– Дүүлүккөндө жыныс мүчөнүн башы терисинен ачылбаса, демек, териси узун. Же териси жыныс мүчөнү кысып калат да, ошол үчүн толугу менен ачылбайт. Мындай учурда сөзсүз сүннөткө отуруу кажет. Эгер мурун сүннөткө отурганыңызга карабай башы териден көрүнбөй жатса, анда дарыгер-урологго көрүнүүңүз зарыл.


МЕН МАЗОХИСТКЕ АЙЛАНЫП БАРАТАМБЫ?

– Жакындан бери өзгөрүлө баштадым. Эркектер менен болгондо мени кыйнап, уруп-согууларын эңсөөчү болдум. Ушундай жол менен гана оргазмга жетким келет. Ушундан улам чын эле мазохист айымга айланып баратамбы деп чочулоодомун. Эмне кылсам болот? Динара, Бишкек.
– Эгер жолдошуңуз май куйругуңузга алакан менен чаап, кичине оорутуу жаратуу менен кошулуусун кааласаңыз, анда бул мазохистке айланып баратасыз дегенге кирбейт. Эгер катуу сабап, денеңиздин бир жерин канатып кошулуусун кааласаңыз, анда бул коркунучтуу. Мындай адаттан кутулууга аракеттенүүңүз зарыл. Кокус эркиңиз жетпесе, анда психотерапевттин жардамына сөзсүз кайрылууңуз талап кылынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан