РОНАЛДУ - THE BEST!

23-октябрдан 24-октябрга караган түнү Англиянын Лондон шаарында ФИФА жылдын мыкты футболчусу, машыктыруучусу, дарбазачысы жана жылдын мыкты голун аныктады. Эске салсак, мурун ФИФА белгилүү «France Football» журналы менен биргеликте «Алтын топ» ыйгарып келсе, эми эки жылдан бери "The Best" сыйлыгын өз алдынча тапшырып келет.

ТАТЫКТУУ ЖҮРҮШ, ТАЛАШСЫЗ ЖЕҢИШ

"Реалдын» чабуулчусу 32 жашка чыгып калса дагы талыкпаган эмгектенүүсүн токтото элек. Анын үзүрүн «Мыкты футболчу» наамын алуу менен көрүүдө. Роналду дүйнө жүзүнүн улуттук курама командалардын капитандары жана машыктыруучулардын сурамжылоосунда 43 пайызга ээ болуп, 19 пайыз алган Мессини жана 6 пайыз алган Неймарды артка калтырды. Алдыңкы үчилтик ушундай болду – Роналду, Месси жана Неймар. «Мага добуш бергендерге ыраазымын. Ошондой эле Месси менен Неймарды да белгилеп кетем. «Реалга» да ыраазымын. Экинчи жолу бул сыйлыкты утуп жаткандыгым мен үчүн маанилүү. Дүйнө жүзүндөгү бардык күйөрмандарга рахмат»,- деп белгиледи өз сөзүндө жеңүүчү.
Чындыгында, Роналдунун жеңишин эч ким талаша албайт. Ал «Реал» менен экинчи ирет катары менен Чемпиондор Лигасын жеңди, ал мелдештин 5-ирет катары менен башкы бомбардири аталды. Ошондой эле Испан чемпиондугун жана клубдар арасындагы Дүйнө биринчилигин утууга жетишти. Ал өткөн сезондо жалпы 42 гол жаратты. Бир сөз менен айтканда, Тhe Best.

2017-ЖЫЛДЫН КОМАНДАСЫ:

Дарбазачы: Жанлуижи Буффон («Ювентус»);
Коргоочулар: Дани Алвес («Пари Сен-Жермен»), Леонардо Бонуччи («Милан»), Серхио Рамос жана Марсело (экөө тең «Реал»);
Жарым коргоочулар: Лука Модрич, Тони Кроос (экөө тең «Реал»), Андрес Иньеста («Барселона»);
Чабуулчулар: Неймар («Пари Сен-Жермен»), Лионель Месси («Барселона»), Криштиану Роналду («Реал»)



МЕССИГЕ ЭМНЕ БОЛДУ?


Лео Месси акыркы убакыттарда «мессилигин» көргөзө албай жатат. Ооба, ал ошол эле Месси, бирок «Барселона» баягы мыкты «Барселона» эмес. Клубдагы ири кызматкерлеринин ызы-чуулары, машыктыруучулардын алмашкандыгы команданын оюнуна таасир берди. Бир футболчу талаада жеңишти алып келе албайт, жеңиш үчүн команда талап кылынат. Бүгүнкү күндө «Барселона» менен «Реалды» салыштырсак, команда катары мадриддиктер бир тепкич өйдөдө. Ынтымак, биргеликте иштөө жана бирин-бири түшүнүү боюнча «актар» көпчүлүккө үлгү боло алчудай.
Месси бир эле «Барселонаны» алга сүрөгөндөн тышкары Аргентина курама командасы анын моюнунда. Ал тандап алуу оюндарынын акыркы турунда гана 3 гол жаратуу менен улуттук курамасын Дүйнө чемпиондугуна алып чыкты. Андыктан бул жылы Месси үчүн мыкты оюн көргөзүү эмес, Аргентинаны мундиалга чыгаруу башкы максат болгондой. Ал максатты иш жүзүнө ашырды, эми «Барселонанын» көрсөткүчтөрүн иретке келтирүү керек.


НЕЙМАР ЖАКЫНДАП БАРА ЖАТАТ...


"Месси экөөбүздүн доорубуз бүтө элек. Ал жаңыдан башталып жатат...»- деп айтты Роналду. Бул сөз менен ал эмнени айткысы келгенин бир өзү билет, бирок... Неймар мыкты болуу үчүн улам бул экөө жакындап бара жатат. «Барселона» эмес, дал ушул Мессиден өз алдынча болуу үчүн француздук «ПСЖ» клубуна кошулду. 25 жаштагы футболчу жаңы клубунда аз убакыттын ичинде алмашкыс оюнчусу аталса, Бразилия курама командасынын негизги лидери саналат.
Неймар эми «ПСЖ» менен Чемпиондор Лигасын багынтуусу менен көзгө көрүнүүгө ири кадам таштаган болот. Мындан тышкары кийинки жылы Дүйнө чемпиондугунда өзүн көрсөтүп, ойнок бала эбак чоңойгондугун далилдөөсү кажет. Месси жана Роналдуга гана эмес, биринчи кезекте өзүнө.
Мындан тышкары Роналду менен Мессиге Англия Премьер-Лигасын дүңгүрөтүп жаткан Азар, Кейн, Де Брюйне, Алли сыяктуу футболчулар да атаандаштык түзүүсү толук мүмкүн. Алардын кимисинин жылдызы жарк этерин убакыт гана көргөзөт...



НОЙЕР ЖОКТО БУФФОН БИЙ


"
Мыкты дарбазачы» наамын бул жолу италиялык Жанлуижи Буффон жеңип алды. Ал бул жаатта «Бавариянын» жана «Реалдын» дарбазачылары Мануель Нойер менен Кейлор Навастан озду. «Ювентус» менен Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жеткен Буффон 39 жашка келсе дагы мыктылыгынан жаза элек. Анын бул сыйлыкты жеңгенинин дагы бир себеби, Нойер бул жылы жаракат алып, көпчүлүк оюндарга катышкан жок. Нойер олуттуу жаракатынан калыбына эми араң келип жаткан маалы.


ЗИДАНДЫН ЖЕҢИШИ

ФИФА
нын версиясы боюнча мыкты машыктыруучу болуп табылган Зинедин Зидан сүйүнүчүн жашырган жок. Ага мурунку жылкы сыйлыктын ээси Клаудио Раньери наамды тапшырды. Зидандын жетекчилиги алдында "Реал" бир гана жеңиш үстүндө болуп, 2017-жылы Чемпиондор Лигасын жана Ла Лигада чемпиондукка жетишти. "Челсинин" машыктыруучусу Антонио Конте жана "Ювентустун" машыктыруучусу Массимилиано Аллегрини алдыңкы үчилтикке киришти.

ЗАПАСТАГЫ ФУТБОЛЧУ СЫЙЛЫК АЛЫП...


Ференц Пушкаш атындагы 2017-жылдын кооз голу сыйлыгын лондондук "Арсенал" клубунун чабуулчусу Оливье Жиру жеңди. Жиру голду АПЛдин алкагында "Кристал Пэлас" менен болгон беттеште укмуштуудай соккусу менен киргизе алган. Оливье Жиру учурда өз клубунда запастагы оюнчу. Анын мыктылардын арасында сыйлыкка жетиши «Арсеналдын» насаатчысы Арсен Венгерди ойлонтуп, Жируну негизги оюнчу катары кылуусуна түрткү береттир...




Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Makkambaev97
2017-11-01 17:47:59
Роналду красавчик
+1
Makkambaev97
2017-11-01 17:48:06
Ийгилик
+1
Kukuwa
2017-11-06 14:31:36
Салам супер инфо! Мурод Хантураев жонундо жазгылачы пожалуйста
+1
Kukuwa
2017-11-06 14:32:29
Эрежесиз мушташ жонундо да кобуроок малымат жазгылачы
+1
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан