MEGACOM: САНАРИПТИК КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы алдыңкы уюлдук операторлордун биринин айланасында көптөгөн ушак кептер жана талаштар жаралууда. «Альфа Телеком» (MegaCom) ЖЧКсынын мамлекетке тиешелүү үлүш акцияларынын сатылышы бир катар коомдук ишмерлердин сын-пикирин жаратты. Бирок көпчүлүк негативдүү ойлор коммуникациялык рынокко тиешеси жок адамдар тарабынан айтылууда. Иштин чоо-жайын билүү үчүн журналисттер аталган прогрессивдүү компанияга барып кайтышты.

УЮЛДУК ОПЕРАТОРДО БАРДЫГЫ ТЫНЧ

Белгилеп кетүү керек, «Альфа Телеком» – Бишкек шаарында өзүнүн административдик жана өндүрүштүк турак жайы бар жалгыз оператор. Бул элге тиешелүү компания каражатты ижарага кетирбей үнөмдүү пайдаланып жатат дегенди билдирет. Компаниянын өзүнө тиешелүү кыймылсыз мүлктүн болушу аны капиталдаштыруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Өз кезегинде бул рыноктогу инвесторлордун алдында чоң мааниге ээ.
Административдик имаратка кирчү негизги эшикти сүрдүү жигиттер кайтарышат, бир көз карашынан эле алар менен тамашалашууга болбой турганын түшүнүүгө болот. Мындай көзөмөлдүн деңгээли өзүн актайт: анткени MegaCom – режимдеги объект, калкты сапаттуу жана ишеничтүү байланыш менен камсыз кылуу – мамлекеттеги коопсуздукту сактоочу негиздердин бири.
Имараттын ичи классиктер айткандай, «таза, тыкан жана мимоза жыттанып турат». Баарынан да компаниядагы ишке болгон олуттуу мамиле таң калтырды. Бир карап акыркы окуяларга байланыштуу чыңалган нерв менен иштешсе керек деп ойлойсуң, илгерки совет киносундагыдай каарман кеңсенин ичинде дүрбөлөңгө алдырып ары-бери чуркап, «Шеф, баары бүттү!» деп кыйкыргандай. Бирок бул жакта баары тескерисинче экен.
Кардарларды тейлөө кызматы жайгашкан чоң залда жай үндөр угулат. Бул жакка өлкө боюнча миңдеген адамдар чалышат. Ошолордун баарына операторлор так, кесипкөй жооп берип, абоненттерге керектүү маалыматтарды беришет. Башка департаменттерде жана бөлүмдөрдө да иш кайнап жатат. Бет алдыңдагы каалаган эшикти ачсаң, кызматкерлер иштин көптүгүнөн бурулуп карашпайт. Бул иш процессин салыштырсак, компания швейцария саатындай иштейт: так жана кемчиликсиз.
Айтсак, MegaCom компаниясында таң калуучу нерселер көп. Бул жерде өзүңүздү батыштагы компаниялардын биринде жүргөндөй сезесиз. Бирок таң калбай деле койсо болот. Анткени MegaCom – Кыргызстан эле эмес, КМШдагы эл аралык стандарттагы ISO 9001 сапатында бешинчи редакцияда иштеген жалгыз уюлдук оператор.
Бул факты ушул жылдын жай айларында Кыргызстанга келип кеткен TÜV Thüringen дүйнөгө белгилүү менеджмент системин сертификациялоо жана көз карандысыз экспертиза органынын башкы аудитору Ильдар Инелеев ырастады. «Биздин компания сертификациялоо органы катары КМШ өлкөлөрүндө көптөгөн текшерүүлөрдү жүргүзөт. MegaCom дайыма биздин башкаларга көрсөтчү үлгү болуп келет. MegaCom баалардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жагынан айкалышы боюнча сонун үлгү. Ошол эле учурда компаниянын башкы баалуулугу – алардын кардарлары экенин унутпаш керек. Ошондуктан MegaCom’дун бөлүмдөрүн кыдыруу менен компаниянын кызматкерлеринин кардарларга кылдат көңүл буруусун баса белгилейбиз. Кардарларды тейлөө жогорку деңгээлде уюштурулган. Бул компаниянын башчыларынын компанияны өнүктүрүүгө болгон жогорку кызыкчылыгын жана техникалык жактан жакшы камсыз болгонунан кабар берет. Бул факторлор жакшы жыйынтык берет»,- дейт ал.

ЖАРЫКТЫН ЫЛДАМДЫГЫ МЕНЕН ЖАРЫШКАН МЕГА-ИНТЕРНЕТ

MegaCom’до мамлекеттин үлүш акцияларын сатуу тууралуу сөз болбойт. Туура кылышат. Анткени бул маселени өкмөт жана Жогорку Кеңеш чечиши керек. Андыктан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бардык түшүнбөстүктөргө чекит коюп, MegaCom компаниясы эмне үчүн сатылып жатканын түшүндүрүп берди.
«Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, «Альфа Телеком» ЖЧКсы жеке менчик формадагы юридикалык жак катары саналат жана уставдык капиталда мамлекеттин үлүшү 100 пайызды түзөт. Компанияны мындан ары өнүктүрүү максатында, Өкмөт жана Жогорку Кеңеш MegaCom’дун акциясынын 100 пайызын тең сатуу чечимин чыгарышты. Компанияны сатуу сунушу мамлекеттеги финансылык кыйынчылыктарга тиешеси жок»,- делет мекеменин расмий билдирүүсүндө.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун адистери MegaCom кирешелүүлүгү жана башка көптөгөн критерийлер менен алып караганда алдыңкы сапта экенин белгилешет. Чындыгында эле компаниянын финансисттери көп жыл аралыгында уюлдук оператор Кыргызстандагы ири салык төлөөчү болгон фактыны ырасташат.
Бирок аны менен кошо кирешенин көп бөлүгүн мамлекеттин пайдасына чечүү салык саясаты «Альфа Телеком» ЖЧКсынын өнүгүүсүнө түздөн-түз көз каранды.
«Атаандаштык жана байланышка болгон керектөөчүлөрдүн талаптары жогорулаган сайын компаниянын мындан аркы иштеп кетүүсүндө кыйынчылыктар жаралууда. Анткени атаандаштарда мамлекеттик ишканаларга тиешелүү чектөө деген жок. Ошол себептен келечекте мамлекет компаниядан кол жуушу мүмкүн. Андыктан компания киреше алып келип жаткан маалында жогорку суммада сатуу жакшы чечим»,- деп билдиришет фонддон.
Тилекке каршы, Кыргызстандын мыйзамдарында мамлекеттик уюлдук компаниянын керектүү деңгээлде өнүгүшүнө жана башка менчик байланыш операторлору менен атаандашууга каршы келген учурлар бар.
«Товарларды сатып алуу, жумуш, кызмат көрсөтүү жана түшүндүрүү кызматы үчүн «Альфа Телеком» ЖЧКсы «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамына жараша иш кылат. Бекитилген эрежелер сатып алуулардын оперативдүүлүгүнө таасир берет, ал эми сунуштар жок учурда сынак жараксыз деп эсептелинип, натыйжада сатып алуулардын мөөнөтү узарып кетет»,- деп түшүндүрүштү ведомствонун маалымат кызматы.
Мындай татаал кырдаал учурунда да жогорку деңгээлдеги менеджменттин арты менен компаниянын кызматкерлери тендерлер менен иштөөнү жакшы өздөштүрүшкөн. Алар жаңы адистикке ээ болгондорун жана мамлекеттик жумушта сатып алуу боюнча эксперт болуп иштей аларын айтып тамашалап да калышат.
Бардык кыйынчылыктарга карабай MegaCom телекоммуникация чөйрөсүндө лидерлик сапатты жоготпой келет. Компания алгачкылардан болуп өз абоненттерин жогорку ылдамдыктагы 4G LTE интернети менен камсыз кылган. Бүгүнкү күндө була-оптикалык электр чубалгыларын бүткүл өлкө боюнча тартуу иштери улантылып келет. Айта кетүү керек, була-оптикалык электр чубалгылары менен санариптик маалыматтарды жарыктын ылдамдыгы менен жеткирүүгө болот. Андыктан компания бул чубалгыларды мамлекеттин эң алыс аймактарына жеткирүү менен кыргызстандыктарды жеткиликтүү интернет жана сапаттуу байланыш менен камсыз кылууга болгон аракетин жумшап келет. Жыйынтыгында була-оптикалык электр чубалгылары Кыргызстанды Кытай, Казакстан аркылуу дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен байланыштырат. Бул компаниянын келечектеги өнүгүүсүндө чоң көрсөткүч.

ЭЛДИК ЖАНА УЮЛДУК ОПЕРАТОР

«Альфа Телеком» (MegaCom) ЖЧКсынын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев менен маек куруп, андан бир топ бизди кызыктырган суроолорубузга жооп алдык.

– MegaCom өлкөдөгү алдыңкы уюлдук операторлордун бири экенин билебиз. Компания кайсы продуктылары менен мактана алат?
– Бизде абоненттер үчүн көптөгөн татыктуу сунуштар бар. Элге жаккан эң популярдуу жана сүйүктүү продукт – бул «Элдик» тарифи. Аталышы эле бардыгын айтып турат. 2015-жылы рынокто биз алгачкылардан болуп элге ишенимдүү шарттарды сунуштадык. Башкача айтканда, баалар жана бул кызматтын көлөмү бардыгына жеткиликтүү шартта болчу. 2 жыл ичинде керектөөлөр боюнча абал өзгөрүп кетти, абоненттердин талабына жооп бериш үчүн жаңы «Элдик Интернет» тарифин ишке киргизүү чечимин кабыл алдык. 2017-жылы линейкада жаңылануу жүрдү. Негизги басым тарифти жакшыртуу жана интернеттин көлөмүн көбөйтүүгө коюлду. Байкашыбызча, барган сайын көптөгөн абоненттер «Элдик Интернет» тарифине өтүп жатышат.

– Смартфондордун көп санда сатылышы жана жогорку ылдамдыктагы уюлдук интернеттин пайда болушу дүйнөнү өзгөртүп жатат. MegaCom заманбап жашоонун талаптарына кандай жооп берип жатат?
– Биздин компания көп убакыттан бери эле элди жогорку ылдамдыктагы 4G LTE интернети менен камсыздап келет. LTE секундасына 150 Мбит болгон ылдамдыктагы интернетти бере алат. Бул ылдамдык абоненттер үчүн күнүмдүк каалаган максатына колдонууга жетет. Бул аудио жана видеочалуулар, ар кандай видеолор, чоң көлөмдөгү файлдарды көчүрүү, соцтармактарда баарлашуу жана башка. Биздин компания Кыргызстан боюнча 4G базалык станцияларын байма-бай ишке киргизип турат. Биз эң алыскы аймактарына чейин 4G интернетин жайылтууга аракет кылып, алыскы аймактын жашоочулары да жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонуусуна аракет кылуудабыз.
Азыр мобилдүүлүктүн заманы. Жарандардын үйүндө стационардык Wi-Fi роутер болсо жакшы. Бирок мындай интернетти жаныңда алып жүрүүгө болбойт да. Андыктан бул маселени «Элдик Интернет» тарифи чечет. Кыргызстандын бардык чекитинде биздин абоненттер смартфондун жардамы менен 4-муундун технологиясын жеткиликтүү баада колдоно алышат. Анын үстүнө компания сапаттуу жана заманбап девайстар: чөнтөккө салып жүрүүгө мүмкүн болгон 4G роутер, вингл, модемдерди сунуштайт.

– Көпчүлүк уюлдук интернетти өтө кымбат ырахат деп ойлошот. Мындай көз караш актуалдуу болбой калганбы?
– Азыр уюлдук интернет баарына жеткиликтүү болуп калды. «Элдик Интернет» тарифинин жардамы менен ар бир адам өзүнө керектүү өлчөмдөгү пакет трафикти тандап ала алат.

– Сиздердин компания көптөгөн инновациялык продуктыларды чыгарып койгон. Алдыда абоненттер үчүн дагы кандай сюрприздерди даярдап жатасыздар?
– MegaCom бир орунда турбайт. Жакында эле жаңы Mega iTV кызматын ишке киргиздик. Биз абоненттерге уюлдук тиркеме аркылуу санарип телевидение көрүү мүмкүнчүлүгүн беребиз. Компания ар дайым жаңы технологиялык сунуштарды издөө үстүндө иш алып барат. Алдыда жаңы продуктыларды чыгаруу планыбыз бар. MegaCom’дун инновациялык кызматтары жана тейлөөсү карапайым калктын жашоосун жакшыртат деген ишеничтебиз.




Айбек Болотбеков
MegaCom

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан