БАЛДАРДЫ ЧҮЧКҮРТҮП, ЖӨТӨЛТКӨН ТУМОО ЖҮРҮП ЖАТАТ. Ал эмне болгон оору? Балдарды андан кантип сактоо керек?

Учурда балдарды чүчкүртүп, мурдунан чимкирик агызып, жөтөлтүп, какыртып, дене табын көтөртүп сасык тумоо сыяктуу кыйнаган тумоо жүрүп жатат. Врачтар балдарга көбүнчө ОРВИ диагнозун коюшууда. Бул эмне болгон дарт, кантип жугат, дарылануу жана алдын алуу жолдору тууралуу маалымат топтодук.

«ОРВИ ЧҮЧКҮРҮК, ЖӨТӨЛ АРКЫЛУУ ЖУГАТ»

Дамирахан Чыныева, КММАнын Балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти:
– ОРВИ–(острая респираторная вирусная инфекция) кыргызча дем алуу жолдорунун вирустар чакырган курч кармаган жугуштуу инфекциясы (оорусу). Аба аркылуу, тагыраак айтканда, жөтөл, чүчкүрүк аркылуу жугат. Инкубациялык мезгили 3-4 сааттан 3-4 күнгө чейин. Дүйнөдө эң көп таралган оору тобу. Анткени курамына грипп, парагрипп, респиратордук-синцитиалдык вирусту, аденовирусту, риновирусту, метапневмовирусту жана вирустун 300дөн ашык подтиптерин камтыйт.
ОРВИнин жалпы белгилери сүрөттө, ал эми ОРВИнин курамына кирген оорулар тууралуу маалымат төмөндөгү таблицада берилди. Оорунун булагы ооруган адам. Ал чүчкүргөндө, жөтөлгөндө вирустар 2-3 метр аралыкка чейин тарап, соо адамга жугат. Ошондуктан эл көп топтолгон жерлерде, мисалы, мектепте, балдар бакчасында, базарда бат таралат. Кээде оюнчук, сүлгү, бет аарчы аркылуу жугуп калуусу мүмкүн.
Оорунун таралуу кези – жаз жана күз. 1-6 жаш тегерегиндеги балдарда ОРВИ көп кездешет, анткени аларда чоңдорго караганда иммунитет төмөн.
6 жаштан өйдөлөгөндө оорунун саны азаят. Бала, чоң адам деле ОРВИ менен ооруган соң организминде ОРВИге каршы 6-8 айга чейин туруктуу эмес иммунитет иштелип чыгат. Андыктан адам кайра эле ооруп калышы мүмкүн, бирок кийинкисинде жеңилирээк түрдө өтөт.
ОРВИ менен ооруган адамга бактериалдык инфекция кошулуп кетсе дарты кабылдап кетүүсү мүмкүн.

ДАРЫЛОО

Оору белгилери билинер замат дарт кабылдап кете электе врачка алып барып текшертүү зарыл. Баланы же адам өзүн-өзү өз алдынча дарылабашы керек. Туура эмес дарылоо дарттын өтүшүп кетүүсүнө жеткирет. Кээ бирлер антибиотик бере башташат. Антибиотик бактерияларды өлтүргөнү менен, вирустарды өлтүрө албайт. Антибиотикти врач баланы текшергенде бактериялык инфекция да бар экени билинсе (мисалы ичи өтсө) жазып берүүсү ыктымал. Айыгат деп иттин майын берүүгө болбойт! Ал балдардын ичин өткөзүүсү мүмкүн, анын үстүнө вирустардан улам күч келип жаткан боорго ого бетер күч келтирет.
Дарылоо жалпысынан ичине төмөнкүлөрдү камтыйт: мурун бүтүү менен чимкирик агууга каршы мурунга тамчылатчу каражат, көз чылпактаса чылпакты кетирүүчү дары май, дене табын түшүрүүчү дары, иммунитетти көтөрүүчү дары свеча, жөтөлдү басып, какырыкты чыгарчу дары-дармек жана башка. Суюктуктарды көп берүү кажет, мисалы, компот, шире, морс, шорпо. Ал организмдеги ууларды жана какырыктарды чыгаруу менен какырыктын жибишин шарттайт.


«КҮНҮГӨ 200ДӨЙ БАЛА КЕЛИП ТҮШҮҮДӨ»

Бишкектеги медициналык Тез жардам клиникалык балдар ооруканасынын кыска мөөнөткө жаткызуу бөлүмүнүн жетекчиси Жеңиш Миңбаев:
– Учурда биздин клиниканын кабыл алуу бөлүмү менен биздин бөлүмгө биригип күнүгө 200-240тай ооруган балдар келип түшүүдө. Педиатрлар текшергенде баланын абалы оор болбосо дары-дармек жазып, үйүнө амбулатордук дарыланууга жиберишет. ОРВИ менен кошо ичи өтсө, кусса анда бизге хирургдарга да текшерүүгө жиберишет.
Биздин бөлүмдө 14 койка бар. Абалы оор балдарды бөлүмдө 24 саат кармап, алгачкы жардамдарды беребиз. Мисалы, бала кусуп келсе ашказанын жууйбуз, дене табын түшүрөбүз, тамак ичпей калса тамчылатма дары берип, организминдеги ууларды чыгарып ичтейин ачабыз. Демигип, тамагы буулуп келген балдарга ингаляция жасатып, дем алуусун жакшыртабыз. Ичи өтсө ич өткөктү басуучу дары беребиз дегендей. 24 саат ичинде баланын абалы жакшырып калса, анда дарыларды жазып берип үйдөн дарыланууга кетиребиз. Эгер абалы жакшырбаса, анда балдардын клиникалык ооруканасына же жугуштуу оорулар ооруканасына жолдомо беребиз. Учурда 1 күндө 30-40 бейтапты дарылап жатабыз.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

• Оору жайылып жаткан кезде эл топтошкон жерге балдарды алып барбоо кажет.
• Жеке гигиенанын эрежелерин сактоо зарыл: бат-баттан колду самындап жууп, кол менен оозду, мурунду кармалабоо сунушталат. Балдарды буга үйрөтүү зарыл.
•Балдарды таза абада күн сайын сейилдетип, бөлмөлөрдү желдетүүнү унутпаңыздар!
• Тамактануу рационуна жашылча-жемиштер, сүт азыктары жана курамында A (боор, каймак май), B1 (жер жаңгак, жумуртка, быштак), C (карагат, лимон, капуста) витаминдери бар азыктар кошулушу керек.
•Балдар оорубаш үчүн спорт менен достоштуруу керек.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Dilbaranurdinova
2017-11-02 20:47:32
Урматту админ менин баламын мурду токтобой жатат,учко чыгат 6 айынан бери акты окшойт,ошого эмне кылыш керек жооб алып беринизчи сураныч!
0
Radle.kg.kg
2017-11-03 01:13:49
Dilbaranurdinova,балан учко чыкканча даарылабай эшек такаладынбы эки жарым жылдан бери.оз баланын ден соолугуна куйбогон эмнесин сен деги!!!
+2
ludimira
2017-11-03 01:46:02
Radle.kg.kg,башынан отпосо билбейсин...мен да кылбаган нерсем калган эмес бир жылча.мурду бутот,туну кыйналат эле.ОРВИ деп противовирусный,називиндин туру,морская вода,аты очкур коричневый суюктук ии кылбпганым калган эмес.акыры мурдунан мазок тапшырсам аллергия деп чыккан...себеп жаны ремонт болгон квартирадагы химикаттар жакпаган торолгон балага.Башка квартирага кочуп анан жакшы болгон....себебин издеш керек,соссуз табасыз
+1
ludimira
2017-11-03 01:50:11
Dilbaranurdinova,антигисстаминный берип корунуз,зодак,цетрин,супрастин,врач мн кенешиниз.
0
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан