Бүгүнкү каарманыбыз комуз менен ырдаганда суктана карап, талантына ыраазы болбогон жан болбосо керек. Мен кеп кылып жаткан ырчы Дилшат Кангелдиева Бишкектин чок ортосунда, эң кооз үйлөрдүн биринде 2 бөлмөлүү батирде жашайт. Биз менен чогуу ырчынын үйүнө саякатка жөнөңүз.
– Үйүбүз Бишкектин так ортосунда. Жаныбызда филармония, концерттер болгондо бат эле барып, бат эле келип калабыз. Терезеден көчөнү караганда кадимкидей эс аласың. Аллея, гүлдөр.
Мындан башка жер тамыбыз, анан 3 бөлмөлүү батирибиз бар. Бул эс алуучу үйүбүз тойдон, коноктон келгенде бизге энергия берет. Жолдошум филармонияда «Камбаркан» фольклордук ансамблинде эмгектенет. Кээде ал дагы кеч келет.
Үйдүн чарчы метрин 1200 доллардан сатып алганбыз. Жалпы аянты – 66 чарчы метр. Үйдүн пайдубалын тургузуу үчүн чуңкурун каза баштаганда эле акчасын төлөй баштаганбыз. Курулуп бүткүчө бүтпөй калбайбы деп бир топ сарсанаа болдум. Акчасын мен биринчи төлөп бүткөн экенмин. Үй толук бүткөндө тургундардын ичинен мага биринчи ачкычын тапшырышты. Кошуналарымдын баары атактуу адамдар. Бири журналист болсо, экинчиси коомдук ишмер дегендей. Жаш кезден бери үнөмдөп, чыгармачылыгымдын аркасы менен тапкан акчамды чогултуп жатып ушул үйдүн ээси болдук. Бул үйдө жеке менин салымым чоң десем да болот.
КОНОК БӨЛМӨ-АШКАНА
– Конок бөлмө менен ашкана бир бөлмөдө жайгашкан. Чынында үйдөн көп тамак жасабайм. Кечкисин көпчүлүк күндөрү иш-чараларда, тойлордо болобуз. Анан да кыргыздар сөзсүз үйгө тамак-аш салып беришет эмеспи. Шашылыш болсо үйдүн алдыңкы кабатындагы кафеден тамактанабыз.
– Интерьер хай-тек стилинде жасалгаланды. Терезе парда, диван, ламинат, кафель, обои, асма чырак менин табитим менен тандалды. Биринчи жолу баарын өзүм тандап жаткандыктан, бири-бирине айкалышпай калабы деп корктум. Интерьер толук жасалгандан кийин бир нече килем алып келип салдырып көрүп, ушул килемди жактыргам. Парданын бүтүшү 50 000 сом болду. Пардага атайын сыя өң коштургам. Бул менин сүйүктүү түсүм. Пардага өңдөш болсун деп ушундай түстөгү диван алгам, баасы 45 000 сом. Өтө кымбат эмерек албайм. Анткени алмаштырып турганды жактырам.
УКТООЧУ БӨЛМӨ
– Тойго, концерттерге чыгарда мени ушул бөлмө боёп, сулуулап узатат. Кайра келгенде тосуп алып, уктатат. Шифоньерде азыркы сезонго ылайык кийимдерим турат. Калган кийимдерим жер тамда.
Уктоочу бөлмө бир аз караңгыраак болсун деп кара, ак обои алгам.
КИРЕ БЕРИШ
– Кире бериштеги бут кийим салуучу шкафта кир жуучу машинабыз да жайгашкан.
ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ
– Жуунуучу бөлмөнү да өзүмдүн табитимде жасайын деп ойлонуштуруп жатканымда, балам «мен тандап берем» деген. Балам экөөбүздүн табитибиз эки башка экен, менин оюмдагыдай чыккан жок.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg