24-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси кызматына Кылычбек Султановдун талапкерлигин жактырды. Султановду элчилик кызматка тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев көрсөткөн. Маселе жабык эшик артында каралып, Султановдун Малайзияда элчи болуп кызмат өтөгөн маалдагы жумуштары артыкчылык менен бааланды. Депутаттар анын талапкерлигин бир добуштан колдоого алышты.
Эске салсак, Кылычбек Султанов 2014-2016-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси болуп иштеген. 2016-жылдын 5-декабрынан тартып өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи-тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg