Жумабеков спикер болуп шайланды: ТАЛАСТАН АЛЫНГАН ДОБУШТУН ЖООБУ СПИКЕРЛИК КЫЗМАТ БОЛДУБУ?

Жогорку Кеңештин спикерлигине көпчүлүк коалиция тарабынан «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы тарабынан Исхак Масалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 80 депутат Жумабековду колдоп добуш берсе, 32 депутат Масалиев үчүн жана 5 депутат бардыгына каршы добуш беришти. Ошентип, 40 жаштагы Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланып, эгемендүү Кыргыздын тарыхында эң жаш спикер болду. Буга чейин эң жаш төрага 43 жашында Абдыганы Эркебаев болгон. Жумабеков парламентте өз сөзүндө «Мен мамлекет, Кыргыз эли үчүн иштегенге убада берем. Бардык фракцияга тегиз мамиле жасоого сөз берем, депутаттарды бөлбөйм",- деди.
Жумабеков Дастан Артисбекович 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылында туулган. Билими жогорку. 2010-жылы "Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болуп шайланган. 2015-жылы июнь айында Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын лидери болуп шайланган. 2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
Президенттик шайлоо алдында Дастан Жумабеков жана бир тууган агасы, профессор, академик Сабырбек Жумабеков КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп чыгышкан. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары буга чейин Талас облусун жетектеп келген өкмөттүн өкүлү Дайыр Кенекеевди вице-премьер-министр кызматына шайлашты. Мына ушул эки окуядан улам "президенттик шайлоодон соң жыйынтыкты кабыл ала албай, нааразы болуп турган Талас элин бийлик ушундай жол менен сооротуп жатабы?" деген пикирлер кеңири айтылды.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан