Турсунбеков: «ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИМ, БИРОК САЯСАТТАН КЕТКЕН ЖОКМУН»

Жогорку Кеңеште бир жарым жылдан ашык төрага болуп келген Чыныбай Турсунбеков 25-октябрда өз ыктыяры менен спикерлик кызматтан кетерин жарыялады. «Мен төрагалыктан кетип жатам, бирок саясаттан кеткен жокмун» деп билдирди экс-төрага депутаттардын алдында сүйлөп жатып. Турсунбековдун президенттик шайлоо бүткөн соң спикерлик кызматтан кетери түшүнүктүү иш болчу. КСДПдан президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековдун тандалышына макул болбой, өзү да талапкер катары катышуу ниетин билдирген. Мындай аракеттери башталгандан көп өтпөй ал партиянын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулган. Мамлекеттик башкаруунун 4 бутагынын башында турган адамдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү болбосо иш жүргүзүү кыйын. Сооронбай Жээнбековдун тандалышына каршы болгон Чыныбай Турсунбеков аны менен президент жана спикер катары иштеше албасын түшүндү. Балким, «түшүндүрүштү»...

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан