Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген Дайыр Кенекеев вице-премьер-министр кызматына дайындалды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш 25-октябрда жактырып, ошол эле күнү тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Буга чейин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында Кенекеевдин талапкерлиги жактырылып, депутаттар колдоого алышкан.
Белгилей кетсек, өкмөттүн коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгына кабылып каза болуп, бир вице-премьердик орун бош турган.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg