Бишкектеги тарых музейинин беш жылдык текшерүүсүнүн жыйынтыгында жалпысынан 503 экспонат жоголгону, алардын 29у баалуу металлдар болгону аныкталды. Мындай маалыматты Коопсуздук кеңеши Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча жарыялады. Маалыматта музейде экспонаттарга жакшы көзөмөл жүргүзүлбөгөнү айтылат. Кызматтын билдиришинче, текшерүү М.Фрунзе атындагы мемориалдык үй музейинде да жүргүзүлүп, анда көргөзмөгө коюлган экспонаттардын 100гө чукулу жетишсиз болуп чыккан. Музейдин директору Анаркүл Исираилова экспонаттар 10 жыл мурда эле жетишсиз болгонун айтып, бул боюнча Башкы прокуратура кабардар экенин айткан.
Бул иш боюнча Коопсуздук кеңеши өкмөткө Маданият министрлигинин ишин дыкат текшерүүнү сунуштады.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg