Алмаз Үсөнов: “МАНАСТЫ” АБЫКЕ-КӨБӨШТҮН ТУКУМДАРЫ ГАНА УКПАЙ КОЙМОК”

“Таласта 16-октябрда митингге чыгып, Манас атанын сөзү айтылып жатканда кыйкырып-ышкырып укпай койгондор күнөөлөрүн сезиши керек”. Мындай оюн президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.
Өз сөзүндө Алмаз Үсөнов: “Мусулмандарга ыйык китеп – Куран. Эгер Куран окулуп жатканда митингчилер кыйкырып башташса, аларды динин сыйлабаган, мусулман эмес деп эсептеп калышмак да. “Манасты” Абыке-Көбөштүн тукумдары гана укпай коймок. Президент митингге катышкандардын жасаган иши тууралуу айтканы туура болду. Бабановчулар мындан туура жыйынтык чыгарып, талкууну башка жакка буруу менен элди козутпашы керек”,- дейт.
Эске салсак, 16-октябрда президенттик жарышта утулуп калган талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Талас шаарында митинг өткөрүшкөн. Митингчилер менен жолугушууга чыккан облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев “Манас” эпосунан мисал келтирмекчи болгондо митингчилер кыйкырык-ышкырык менен сүйлөтпөй коюшкан.
18-октябрда президент Алмазбек Атамбаев студенттерге президенттик стипендия тапшырып жатып, Таластагы митинг тууралуу сөз козгоп, Айкөл Манастын сөздөрүн укпай коюу катачылык экенин белгилеген болчу.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан