Бир бүркүм. КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ РЕЙТИНГДЕ 69-ОРУНДА...

  • 56 жаштагы НУРГҮЛ АСАНОВА Жогорку Сотко судья болуп дайындалды.
  • Ысык-Көлдүн Бостери айылында алгачкы АМФИТЕАТР ачылды. Көл жээгинде орун алган театр «Nomad» деп аталып, көчмөндөрдүн жашоосун элестеткен этностилде жасалгаланган.
  • 23-октябрда Бишкекте курулуп жаткан ҮЙ КУЛАП, 12 адам жабыркады. Үйдү «Авангард Стиль» курулуш компаниясы куруп жатканы белгилүү болду.
  • «Манас» ААКсынын «Эйр Кей Джи» кичи ишканасы ЯК-40 учагын сатыкка чыгарды. Анын баштапкы баасы 7 миллион 653 миң сомго бааланууда.
  • БШК 8 шайлоо тилкесинде добуш берүү жыйынтыгы ЖАРАКСЫЗ деп табылганын билдирди.
  • 24-октябрда Киевде өткөн сүрөт көргөзмөдө президент Алмазбек Атамбаевдин кызы АЛИЯ ШАГИЕВАНЫН да эмгектери коюлду.
  • 22-октябрда Бишкектин Асанбай кичи районунда ӨРТ чыгып, бир нече эс алуу жайлары күйүп кетти. Жалпы 2000 чарчы метрдей аянт күйгөн.
  • 8 жылга эркинен ажыратылган ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН жактоочусу Чынара Жакупбекова Текебаевдин иши боюнча өкүмгө макул эместигин билдирип Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылды. Анын билдиришинче, ушундай арыз менен Башкы прокуратура дагы Жогорку Сотко кайрылган.
  • Кытайдан алынып келинген унаалар үчүн БЛОКИРАТОРЛОР Бишкек шаарында тест түрүндө эреже бузган айдоочулардын унааларына коюла баштады.
  • Кыргыз саламаттыкты сактоо тармагына 1500дөн ашуун ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕР жетишпейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
  • КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ визалардын мүмкүнчүлүгү боюнча дүйнөлүк рейтингде 69-орунда экени рassportindex.org сайтында жарыяланды. Маалыматта Кыргызстандын жарандары 58 мамлекетке визасыз кире алары көрсөтүлгөн.
  • Бишкекте «НАРЫН» РЕСТОРАНЫН бузуу иштери башталды. Май айында анын тарыхый баалуулугу жоголгону жана сейсмологиялык жактан кооптуу экени айтылган.
  • Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги билдиргенине караганда, 2017-жылдын 9 айында өлкө аймагындагы 328,44 ЧАКЫРЫМ ЖОЛ 1,7 миллиард сомго оңдолгон.
  • 26-октябрда ЖЕҢИШ РАЗАКОВ Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин коопсуздук кеңешинин катчысынын кызматын ээлеген.


Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан