Эми сиз «Элесине гүлдесте» рубрикасы аркылуу кимдир бирөөлөргө көңүл айтып же каза тапкан жакындарыңызды гезит аркылуу эскерип, маркумга урмат көрсөтө аласыз.
Эскерүүнү 70% арзандатуу менен жайгаштыра аласыз.
E-mail: reklama@super.kg; Тел.: 0312 88 27 77, 0557 75 63 60
ЭЛЕСИНЕ ГҮЛДЕСТЕ
Жазуучу, драматург, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Султан Раевге апасы Марапат Раеванын көз жумганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Энени жоготуу – өзүңдүн бир бөлүгүңдү жоготуу. Эненин жылуулугу жана ал тууралуу эскерүүлөр дайыма сизди жылытып турсун.
Өкүл балдары жана кыздары
Алтын апабыз Апал Самудинова бизден алыста болсо да жан дүйнөбүздүн жакыны болуп жашай берет. Апа, биз сиздин сыймыгыңыз болуп өмүр сүрөбүз.
Эскеребиз аяр карап сүйөөрүңдү,
Ак көңүл жан апаке, бир өзүңдү.
Элестетсем эки дүйнө баасы жетпейт,
Эх, чиркин, бир жылмайып күлүшүңө.
Уул, кыздары жана неберелери