– Апа, мен дүйнөнү сенин көзүң менен тааныдым. Жамандык-жакшылыкты, үйдөгү атмосфераны сенин көздөрүңдөн билер элем. Эсимде, кичине кезимде быдылдап бир нерсени сүйлөп келе жатсам босогодо мени бир тиктедиң. Эч качан мени анчалык салкын караган эмессиң. Көрсө, таенебиз ооруп эл аны тегеректеп турган экен. Колумдагы куурчагымды сылаган бойдон бурчта турдум. Аз убакыт өтпөй эле ый, кулак тундурган кыйкырыкка толуп кетти. Ошол бурчта турган мени эч ким байкаган жок. Апам гана «бала коркуп жатат, алчы» деп бирөөнө ишарат кылды. Ошентип мен биринчи жамандыкты сенин көзүңдөн улам тааныгам.
Мен дүйнөнү апамдын китептери менен тааныгам. Апам үйгө жаңы чыккан китептерди тез-тез алып келип турчу. Атамдан баштап үйдүн эң кичинеси мага чейин окуп чыкчубуз. Баарыбызга китепкөйлүктү өзүң үйрөткөнсүң. Чогулуп отуруп алып тиги же бул чыгарманы талкуулап кетчү элек.
Мен сенден күйөөгө сый мамиле кылышты үйрөнгөм. Анткени биздин үйдө чече турган адам өзүң болсоң да, «атаң эмне дейт, атаңдан сурайлы» дечүсүң. Дасторконго отурганда атамдан мурун табакка кол салмай жок эле. Атам ооз тийгенден кийин гана бизге уруксат берилчү. Атам мага бир хан же падышадай сезилчү. Атам, көрсө, сени менен кыйын тура. «Аял жакшы – эр жакшы» дегендей, сен аркасында турган үчүн эл башкарган адам болуп жүргөн экен. Атам да сен каза болгондон кийин өз жолун таба албай калды. Атамдын хандык тагы да, таажысы да сен экенсиң, көрсө. Бир нерсе сурасак «апаңардан сурагылачы» деп алып, анан апамдын өлүп калганы эсине түшкөндөй оор үшкүрүп калчу. Ошол күндөрү туман ичинде баарыбыз бири-бирибизден адашып калгандай сезилди мага.
Балага сый мамиле жасашты өзүңдөн үйрөндүм, анткени мага же бир туугандарыма бир да жолу колуңду эмес, үнүңдү көтөргөн эмессиң. Сенин оюңча, мен аябай сулуу кыз болчумун. Эжемдер «койчу, ушу кызыңды эле мактай бересиң, эмнеси сулуу?» десе «карасаңар, ушу айылда меникиндей сулуу кыз барбы?» деп айтчусуң. Элтейип карап калчумун. Үнүңдө, көзүңдө чын дилден суктануу боло турган. Анан мен ушу сөзгө өтө ишенип алгам. Чоңойгонго чейин ошо ишеним менен жашадым, кийин күзгүнү карап анчалык деле пери эмес экенимди билдим.
Сен биздин коргончу чебибиз болчусуң. Сен балдарың үчүн баарын кылганга макул элең. Эне дегенде мен сени элестетем. Эти ысып чыккан бир балаңдын үстүнө жаап, экинчисин жубатып, үчүнчүсүнүн дагы бир маселесин чечип баарына жетишкен сени эстейм. Түнү менен отуруп алып жаңы жылдык кийимдерибизди тигип, эртең менен башыбызга илип койчусуң. Же каалап, бирок айта албай жүргөн буюмду алып келип берип сүйүнткөндү каалачусуң. Сен мага баарын кыла ала турган сыйкырчыдай сезилчүсүң. Сен сыйкырчы элең, менин кумирим, менин сырдашым, менин дүйнөм сен болчусуң!
Аз убакытта мага эбегейсиз чоң сүйүү, ишеним берген экенсиң, ушуга чейин сен берген сүйүүдөн күч алып жашап келе жатам. Рахмат, апа, тарбияң үчүн! Турмушта жыгылсам, кайра тура алганым үчүн, мокосом курчуй алганым үчүн, өрттөнсөм күлдөн кайра жарала алганым үчүн! «Наристелер төрөлгөнгө чейин ата-энесин тандашат» деген кеп чын болсо, мен кайра төрөлсөм, кайра сени тандамакмын. Миң өмүр берилсе, миңинде тең сени тандамакмын! Бир туугандарымдан сенин кылыгыңды, сенин мүнөзүңдү көрөм. Шаңкылдап күлгөн күлкүңдү, ырдаган ырларыңды угам. Ар бирибизде бир ууч сенин каның, сенин мүнөзүң бар. Сен барсың, сен ар дайым биздин жүрөгүбүздөсүң. Туулган күнүң менен, апа!
Нурия Кудайбергенова