Беларусь ырчысы Рита Дакота 23-октябрь күнү тун кызын жарыкка алып келди. Ал жолдошу, орус ырчысы Влад Соколовский менен «Фабрика звёзд» долбоорунан табышкан. Эки чыгармачыл инсандын наристесин өздөрү эле эмес, күйөрмандары да күн санап күтүп калган эле. 2015-жылы баш кошкон эки жаш минтип кыздуу болушуп, атын Мия деп аташты. Ошондой эле «Блестящие» тобунун экс-ырчысы Юлия Ковальчук менен ырчы Алексей Чумаков да жакында биринчи жолу ата-эне статусун алышкан.