Жаңы Зеландиянын Жогорку соту мамлекеттин Улуттук партиясын америкалык рэп ырчысы Эминемдин «Lose Yourself» ырын уруксатсыз пайдаланганы үчүн айыпка жыкты. Партиянын шайлоо алдында Эминемдин ырынын музыкасына тартылган ролигин көрүп, музыканттын өкүлдөрү сотко арыз менен кайрылышкан. Сот партияны Эминемге 414 миң доллар төлөп берүү боюнча чечим чыгарган.
Эске салсак, рэп ырчынын бул ыры «Восьмая миля» тасмасына саундтрек болуп, 2004-жылы «Мыкты рэп чыгарма» наамы боюнча «Грэмми» сыйлыгын алган.