Малика Дина, ырчы: «ЖАШООМДУ ЖАҢЫ БАРАКТАН БАШТАГЫМ КЕЛЕТ»


Белгилүү ырчы Малика Дина жакында эле Дубайдан келип, учурда той, концерттерге катыша баштады. «Сахнаны, микрофонду, ырдаганды абдан сагыныптырмын» деген ырчы чыгармачылыкка эми катуу киришем дейт. Эсиңизде болсо, ырчы жыл башында машинага байланыштуу чырлуу окуяга кабылган. Бирок аталган окуяда анын иши сотко жетпей, эки тараптын тил табышуусу менен жыйынтыкталган. Ырчы жашоосунда болгон жагымсыз окуялардын баары артта калганын айтат.

– Куш келипсиң Малика, бул жыл сен үчүн оор өткөнүн билебиз. Жашооңдо болуп өткөн окуялар сени турмушка бышырды окшойт?

– Саламатсыздарбы, негизи адам баласы жыл сайын чоңоюп турат окшойт. Жашоого, жаныңдагы адамдарга, жадакалса үй-бүлөңө кылган мамилең, көз карашың өзгөрөт тура. «Турмуш мыкты тарбиячы» деген сөзгө эми ишенип турам. Анткени ата-энеңди укпай калганда турмуш өзү эле ордуңду таап берип коёт экен. Чынын айтсам, жашоомдо көп жагымсыз окуялар болуп кетти. Акыркы окуялар, ага чейинкиси, балким, алдыда мени дагы башка сыноолор күтүп жаткандыр. Бирок мен ал кыйынчылыктардын 50 пайызына даяр болуп, бышып калдым. Мурун элдер «сен жакшысың» деп мактаса, «ии, жакшы турбаймынбы» деп ишенип калган кыз болсом, азыр мен адамдардын ар бир сөзүн талдап, андан жыйынтык чыгарганга үйрөндүм. Адамдар менен сыр бөлүшкөндө да күйөт экенсиң. Азыр сырларымды ичиме катканды үйрөндүм. Негизгиси мамиле түзүүдө туура адамдарды тандаш керек экен. Буга чейин мени көп керексиз адамдар курчап жүрүптүр, азыр алардан тазаландым. Жашоомдо болгон жагымсыз окуялардан дагы эле өзүмө толук келе элекмин. Ошончо талкууга калып, сөз уккан адам оңой менен өзүнө келе албайт тура. Ал үчүн күчтүү мүнөз керек. Өткөн окуяларды эстеп азыр да жаман болуп жатам (жашып).

– Кичинеңден сахнада өсүп-чоңойдуң, чыгармачылыктын ысык-суугун көрүп калдың дегендей...

– Чыгармачылыкта жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Сахнага 6 жашымда чыккам. Азыр кызымдын ырдап, бийлегенин көрсөм кадимкидей коркуп кетем. Эртең мага келип «апа, мен ырдайм» десе эмне кылам деп кооптоном. Балаңдын келечеги үчүн кабатыр болот экенсиң. Өзүм абдан эрке өстүм, эркелигимдин айынан эле сахнага чыгып алдым окшойм. Апам «кызым, кой, кыйналасың» деп көп айтчу. Бирок менин көңүлүмдү кыя албай койгон тура. Мен апамды эми түшүнүп турам. Анткени мен да кызыма эч нерседен жок дей албайм. Апам мени бир аз ырдап кайра унутуп коёт деп сахнага чыгарса керек. Убакыт өттү, Малика чоңоюп баштады, сахнанын даамын татып андан ары кетти. Андан кийин шоу-бизнесте ырчылар көбөйүп башка деңгээлге көтөрүлүп, кулачы кеңейе баштады. Ошондо «мен ырдабай койсом эле элдер унутуп калышат, андан кийин жакшы жашоону баштайм» деп ойлочумун. Өзүм апа болдум, жашоонун ачуу-таттуусун көрүп калдым, бирок ырчылыкты эч эле таштай албай койдум. Бассаң-турсаң музыка угасың, сыналгыдан кесиптештериңди көрөсүң, анан сагынып кетесиң. Кош бойлуу кезимде сахнаны сагынганымды сурабаңыз, караокеге барып ырдагым келип, микрофон кармагым келип, айтор, ырга талгак болгом.

– Сенде келбет, үн, баары бар, учурунда катуу иштеп албаганыңа өкүнөсүңбү?

– Учурунда апам «кызым, сени иштесин, жыйынтык көрсөтсүн деп сахнага алып чыккам. Тур, барып ыр жаздырып кел» деп мени милдеттендирген кездер болгон. Бирок анда эркелик кылып уккан эмес элем. Апам түрткүлөп жүрүп эле канча ырым жазылып калды. «Көлдүн жээги» деген ырды сунуштаганда ырдабайм деп каршы чыккан элем, азыр ал ырымды сүйүп угам. Кызым да ошол ырымды берилип угат. Былтыр «болду, сахнага кайтып, баш-отум менен иштейин, жаман нерселердин баары артта калсын» деп концерт бергем. Бирок көп өтпөй машинага байланыштуу жагымсыз окуя башталып кетти. Башында күйөөм тууралуу сурап, сөз кылышса, кийин «машина эмне болду?» деп сурап башташты. Айтор, дарегиме айтылган өйдө-ылдый сөздөрдөн чайналып калдым. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген кеп бар эмеспи, аны элге далилдеш үчүн убакыт керек болду. Үйдө отурганда иштебей калдым, кысылып кеттим. Мага ошол учурда бир жакка кетиш керек болду.

– Анан Дубайга сапар алдың... Ал жакта эмне жумуш кылдың?

– Дубайда апамдын сиңдиси иштейт. Жагымсыз окуялардан кийин ал эжем мени келип иштеп кетсин дептир. Эжемдин чакан дүкөндөрү бар, ошол жакта сатуучу болуп иштедим. Кыргызстанды сагынганымды мындан билиңиз, аэропорттон кыргыздардын баары көзүмө укмуш сулуу көрүнүп кетти. Дубайга кайра кетсем деле болот, бирок бул жакка келгенде «кетпейм, жетишет! Кыргызстанда калам. Чыгармачылыкка кайтам. Сахнага кайтам» деп чечтим.

– Инстаграмда жолдошуңду сураган күйөрмандарың көп. Жеке жашооңдо күйөрмандарыңдан жашырчу кандай сыр бар?

– Менин күйөрмандарымдан жашырчу эч нерсем жок. Чынын айтсам, менин кызымды төрөлгөндөн баштап апам карады. Атасы, анын туугандары менен жолугат, мен ага чектөө койбойм. Өзүм ата мээримине тойбой чоңойгом, андыктан атанын ордун билем. Эгер жубайлар жолдон адашып, жаңылышып калса, ортодо бала жабыр тартпашы керек. Мен кызымды ата мээриминен ажыратпаганга аракет кылып жатам. «Ажыраштыңбы, жолдошуң каякта?» дегендерге жообум: мен азыркыга чейин мыйзамдуу түрдө жолдошумдун аялымын. Колумда нике күбөлүгүм бар. Билбейм, барып арыз жазганга убакыт табылбай жатат. Болбосо бир жылдан ашык убакыт өтүп кетти. Жолдошум экөөбүз жакшы мамиледе эки айрым жолго түштүк. Өткөнгө өкүнбөй, жашоомду жаңы барактан баштагым келет.

– Маегиңе чоң рахмат. Ишиңди ийгилик коштосун.

"Кызым мен Дубайда жүргөндө апам менен тойлорго да барып калыптыр. Апам ырдап жатса, кызым жанында бийлеген видеосун мага жиберишкен эле, көрүп каткырып алдым".


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Малика Дина акыркы окуядан кийин маек куруп, жолдошу менен эки жолго түшкөнүн ачыктады
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
Naska0809
2017-11-08 17:13:16
Талантына таазим. Красавица унуно береке
+1
Naska0809
2017-11-08 17:41:35
Азаматсын Талантына таазим
0
Naska0809
2017-11-08 17:42:47
Уну сонун ырларын укканда жыргаймго. Азамасын
+2
Nazaraliva9595
2017-11-09 09:29:09
Сабырдуу бол, баарын жеңесин.
+2
Abdizhapar
2017-11-09 09:43:33
бир жолу общая тетрадь эле ачып ал
-3
Birimdik5555
2017-11-09 12:58:33
Чыгармачылык ийгилик каалайм,сенде баары бар,аракет кылып тынбай иште
+1
petushokimishka
2017-11-09 16:48:37
Малика, сага бакыт-таалай, чоон-чоон ийгилик каалайм! Мен Динара эжени оз эжемдей, сени озумдун синдимдей жакшы коромун! Алга!
0
nur8777
2017-11-10 14:23:42
Жолдошун сага татыктуу эмес экен.Буйруса баары жакшы болот. Ыйлаба алтыным. Оз тенинди таап,бактылуу бол.
0
love.me.again
2017-11-10 23:24:54
Ушу кыз апасынын созун угуп ырдап эле журо бкргенде каап. Жигит пигитти кое туруп иштесе болмок.нурдинге тием деп кайра азатка тийип алды го тушунбой калдык..атасы да коп уят кылып койду. Кызына соз тийип калды. Айтор тоюнан мурун бешик тою болгондо тунулгом
+3
friendwipkg
2017-11-11 02:00:01
Мунун эри ким өзү?
0
Benazir08
2017-11-11 02:15:54
Малика сен аябай кучтууу кыз экенсин. Эр куруп калыппы бир соройдун артынан мынтип озунду таштаба. Коздуу мончок жерде калбайт. Бактылуууу бол. Эч ооруба ден соолук болсо баавры болот. Сен сулуу,жылдыздуусун
+3
toktogul0322
2017-11-11 23:43:16
Малика сени кудай колдосун,бул кундор дагы отот, пешенене нени жазса ошону коросун,сабырдуу бол,сабырдын тубу сары алтын,сен бактылуусун татынакай кызын бар,биз жакшы коргон ырчы Динара эжекебиз сенин апан бар.Бактылуу бол,биз сени жакшы коробуз.
+3
Azamat9
2017-11-12 15:00:08
Малика сулуусун талантын бар унун сонун, кыргыз элин ырларын менен кубанта бер.
+1
saza20
2017-11-13 10:11:48
алга алтын кыз! башка ырчыларга окшоп жасалмаланбай ачык суйлоптур молодец. ийгилик жана ийгилик! Алла озу колдосун
+2
Bintu.Ibrahim
2017-11-13 11:50:36
тооба Малика чонойуптур кыйла.Создорун карасан тимеле чон эне.
+1
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан