АРЫКТОО МЕНЕН СЕМИРҮҮГӨ ТИЕШЕСИ БАР МЕТАБОЛИЗМ

Метаболизм сөзүн диетологдор, спортчулар, фитнес-инструкторлор жана арыктоо менен келбетин сактап жүрчүлөр көп колдонот. «Адамда метаболизм жакшы болсо семирбейт, жакшы болбосо семирет» дегенди сиз да угуп жүрсөңүз керек. Анда метаболизм деген эмне? Ал организмге эмне үчүн керек? Арыктоо менен семирүүгө анын кандай тиешеси бар? Карап көрөлү.

МЕТАБОЛИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Метаболизм – грек сөзү, бизче «айлануу», «өзгөрүү» деген маанини берет. Медицинада организмдеги зат алмашуу деп түшүндүрүлөт. Зат алмашуу – ар бир тирүү организмде жашоону камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз жүрүп туруучу энергетикалык жана татаал химиялык процесс. Жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк, адамдын ичип-жегендерин организми иштеп чыгып, иштелип чыккандарын кайра өзүнө керектейт. Башкача айтканда, зат алмашуунун арты менен организм өсөт, клеткалар көбөйөт, жаракат алган жерлер айыгат, организм сырткы чөйрөгө ылайыкташып көнөт дегендей. Биз уктаганда же кыймылдабай эс алып жаткан учурда деле энергия колдонобуз. Анткени дем алабыз, жүрөгүбүз кагат, көз, боор жана башка органдар иштейт.
Кээ бир адамдарда зат алмашуу процесси жайдан жүрсө, айрымдарда тезден жүрөт. Мунун бир себепкери деп окумуштуулар генди айтышат. Эгер организмде зат алмашуу калыптагыдай жүрсө, бардык органдар менен системдер мыкты иштеп, денеде май топтолбойт. Ал эми семирүү – бул зат алмашуунун бузулгандыгы, начардыгы.

ТАМАК-АШТАН АЛГАН ЭНЕРГИЯНЫ ТОЛУК КОРОТПОСОК СЕМИРЕБИЗ

Метаболизмдин 2 категориясы бар: катаболизм жана анаболизм.
Катаболизм. Бул процесстин жүрүшүндө тамак-аштагы татаал органикалык заттар (амин кычкылдары, көмүртек, липиддер, же башкача айтканда, майлар жана нуклеин кычкылдары) жөнөкөй заттарга бөлүнүп, ажырайт. Бөлүнүп, ажыроо учурунда организмге керектүү энергияны бөлүп чыгарышат. Эгер биз тамак-аштан канча бир өлчөмдөгү энергияны алсак жана аны организмдин жаңы клеткаларын куруу жана кыймыл-аракет үчүн калтырбай сарптасак, анда биз семирбейбиз. Эгер биз калориялуу тамак жеп, аз энергия сарптасак, анда эмне болот? Анда коробой калган энергиянын канча бир бөлүгү булчуңдарда жана боордо гликоген (татаал көмүртек) түрүндө сакталат. Калгандары май клеткаларында топтолот. Ошентип семирүү жана анын арты менен түрдүү оорулар жарала баштайт.
Биз тандаган жана жеген тамак-аштын сапаты да метаболизмге таасир этет. Эгер адам дамамат фаст-фуддарды, майлуу, таттуу тамак-ашты жеп жүргөн болсо, семирүү коркунучун өстүрөт.
Анаболизм. Бул процесстин жүрүшүндө организмде жаңы ткандардын жана клеткалардын жаралышы үчүн керек болгон белок, нуклеин кычкылы, липиддер жана гормондор синтезделет (жаралат). Процесс энергияны коротуу менен жүрөт, анткени энергия организмге жаңы ткандар менен клеткаларды жаратууга мүмкүнчүлүк берет.

АКТИВДҮҮ АДАМДАРДА МЕТАБОЛИЗМ ЖАКШЫ ЖҮРӨТ

Негизги же базалык метаболизм. Мындан биздин органдардын иштөөсү көз каранды. Бул бизге билине бербеген метаболизм. Анткени дем алганыбыз, сүйлөгөнүбүз, кан тамырларда каныбыздын жүгүргөнү бизге сезиле бербейт эмеспи. Ар орган ар кандай өлчөмдөгү энергияга муктаж. Мисалы, мээге организмдеги бардык энергиянын 25 пайызы керектелет. Биздин милдет – органдар өз милдеттерин аткаруусу үчүн организмди керектүү калория менен жабдуу (тамак-аш аркылуу).
Тамак-ашты сиңирүү метаболизми. Мунун милдети – тамак-ашты аш кылуу жана сиңирүү. Процессте энергияны коротуу сиздин жеген тамак-аштан көз каранды. Мисалы, жеңил тамак-аштар бат сиңсе, калориялуу тамак-ашты сиңирүүгө, аш кылууга көп энергия, көп убакыт кетет. Жогоруда аталган 2 метаболизмге күн сайын энергиянын 80 пайызы жумшалат.
Активдүү метаболизм. Организм короткон калориянын өлчөмү адамдын жашоо образынан, психологиялык өзгөчөлүгүнөн да көз каранды. Активдүү, шашма, тынчы жок адамдар көп калория коротот. Андыктан аларда метаболизм да активдүү.
Жай жүргөн, көп кыймылдабаган адамдарда, анын ичинде кеңсе кызматкерлеринде метаболизм начар.

МЕТАБОЛИЗМГЕ ТААСИР ЭТЧҮ ФАКТОРЛОР


Калкан сымал безде оору жок болсо, зат алмашуу жакшы жүрөт.




Жаш курак. Ар 10 жыл сайын адамдын организминде зат алмашуу 10 пайызга чейин төмөндөйт. Андыктан жаш балдарга караганда жашы улууларда зат алмашуу жай.



Метаболизм чымыр денелүү, булчуңдары чыккан адамда бат жүрсө, семиз адамдарда жай жүрөт.



Тамакка табитти көзөмөлдөө. Тамакты ашыкча жебеңиз. Арыктайм деген адамдар ашыкча килограммдардан арылуу үчүн машыгуучу залга баргандан тышкары, диета кармоолору зарыл.



Жынысы. Эркектерде аялдарга караганда зат алмашуу бат жүрөт. Анткени эркектерде булчуң ткандар аялдарга салыштырмалуу көп.




МЕТАБОЛИЗМДИ КАНТИП ТЕЗДЕТҮҮГӨ БОЛОТ?

Зат алмашууну түрдүү куракта тездетсе болот. Ал үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек.


СУУ ИЧҮҮ
Суу зат алмашууну тездетүүгө жардам берет. Адам бир күндө 1,5 литрден кем эмес суу ичүүсү зарыл.




ТАМАКТЫ АЗ-АЗДАН БӨЛҮП ЖЕШ

1 күндө 4-6 жолу аз-аздан тамак жеш керек. Ачка болуу зат алмашууну кечеңдетет.


ЦИТРУС, КӨК ЧАЙ...
Зат алмашууну жакшыртуучу азыктарга цитрустар, имбирь, корица, ачуу кызыл калемпир, көк чай, кофе (1 күндө 150 граммдан көп эмес), брокколи, алма, шпинат, жер-жемиштер, сулу да кирет. Андыктан буларды да көп колдонуу зарыл.



БАЛЫК, ЗЫГЫР МАЙЫ

Күнүмдүк рационго Омега-3 май кычкылы бар балыктарды (скумбрия, сельдь, лосось) жана зыгыр майын кошуңуз.



РАЦИОНУҢУЗГА БЕЛОК КОШУҢУЗ
Белок зат алмашууну күчөтөт. Анткени аны сиңирүү үчүн организм башка тамак-аштарга караганда 2 эсе көп энергия жоготот. Белоктуу азыктарга уй, кой, тоок, коён эти, семга (балык), мал боору, бадам, брынза, грек жаңгагы, сүт жана башкалар кирет.



ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ ТАМАК
Эртең менен тамактанбаган адам зат алмашуусун тездете албайт, анткени эртең менен тамак метаболизмдин жүрүшүнө түрткү берет.



УЙКУ
Зат алмашуу жакшы болуусу үчүн күнүгө 8 сааттан аз уктабоо керек. Аз уктагандарда зат алмашуу кечеңдейт.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Uzakova.Z.A
2017-11-07 13:46:50
Мен семире албай журом . Супер кантип семируу керек экенин да жазгылачы сураныч.
+2
admin_media
2017-11-07 16:13:06
Uzakova.Z.A,
Саламатсызбы! Шилтеме: АРЫКМЫН. КАНТИП СЕМИРЕМ?
https://www.super.kg/article/show/40613
+1
Mikra
2017-11-07 17:00:18
Uzakova.Z.A,Зачем семирип мен арыктай албай жатам 59кг болчум азыр 66 кг болуп калдым уч айда.Азыр Гербалаевге барып жатам Шугур арыктам жатам.ушул эле тамактарды жейм.Супер инфо туура жазган.диета кармасан эле орто журосун.арыкда эмес семизда болбойсун.сууну ичиш керек.коп.
+2
Sezimim...
2017-11-08 00:21:09
Mikra,Гербалаев убактылуу жардам берет.Синдим бассейн,фитнес,спорт зал кылып журуп фигурасына чыгып сонун арыктады.Кечээгинде эле бир таанышым досум Гербалаев ичип жакшы арыктады эле,эми ичпей койгондон кийин эки эсе семирип кетти деп.
+4
ZANIA-92
2017-11-08 13:54:23
Sezimim...,Гербалвев деген эмне эле? Кененирек тушундуро кетсениздер.
Арыкташ керек деп коюп семирип кетип жатам кундон кунго
+2
Biinura
2017-11-10 18:05:14
Mikra,Гербалаевпи же Гербалайфпы?
-2
Kroxa
2017-11-09 23:17:34
Гербалаевге бирин барсан бирин ичип жатсан??Гербалаев эмне же ким...???ичеби жейби..же кармап коробу??
+2
aika0906
2017-11-10 15:56:01
Гербалайф и энерджи диет дегендер жон эле акча алмай экен. Ансыз диета кылса болот экен. 10миндигин алып ичтим эле 6 кг арыктап бирок 2 айдан кийин акырын акырын кайра эде ошол веске келип калдым. Азыр эми жоноклй эде диетага башьадым
0
Saidochka
2017-11-11 09:08:01
Гербалайв-дагы Бир чонток какчулар.андан коро азыраак жеп,кобуроок кыймылда,м умкунчулук болсо кобуроок жоо басуу керек
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-09-09 12:13:12
Гербалайфка кеткен акчага жер жемиш алып жеш керек.
0
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан