Адистин кеңеши. ОҢ ДАЛЫМДЫН АЛДЫ КЭЭДЕ ООРУТАТ. ЭМНЕГЕ?


Окурмандардан келген суроолорго Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы, терапевт Болот Турусбеков жооп берет.

– Менин оң далымдын алды кээде ооруйт. Курт жөргөлөп бара жаткандай сезим да болот. Бул эмне болушу мүмкүн? Тааныштарга айтсам ар түрдүү кеңештерди берип жатышат.

Самат, 37 жашта, Бишкек


– Курт бар деп айтууга болбойт. Сиздин ооруңуз остеохондроз дарты болушу ыктымал. Анткени аталган дартта нерв тамырлары кыпчылып, ар кандай сезимдерди (кычышкандай, ачышкандай) берет. Омуртканы рентгенге салып диагнозду аныкташ керек. Эгер остеохондроз экендиги аныкталса, дары-дармек менен кошо укалоо жана көнүгүүлөрдү жасоо менен айыгууга болот. Укалоо курсун алуу үчүн атайын адиске баруу сунушталат.

МОЮНУМ КЫСЫЛАТ, БУЛ ЭМНЕ ООРУ?

– Менин жашым 30да. Эки аптадан бери моюнумду муунткандай сезим болуп жатат. Эртең менен тамагым ооруткандай болуп калат. Бирок оорутуу анчалык билинбейт. Ченегенимде дене табым 37 градус эле болот. Уйкум тынч, тамакка табитим жакшы эле. Муунткандай нерсе эмнеден болушу мүмкүн?

Жазгүл, 30 жашта, Ош


– Сыягы кекиртектин алдындагы калкан без же тамактагы бездер чоңоюп кеткен. Же болбосо өнөкөт тонзиллит (тамак оорусу) болушу мүмкүн. Эндокринолог дарыгерге көрүнүшүңүз керек. Алар текшерүүдөн өткөрүп, диагноз коюшат. Анан дарылануу сунушталат.

УЙКУНУН КАНБООСУ ЭС ТУТУМГА ТААСИР БЕРЕБИ?

– Мен кээде абдан чарчаганда кайсы жер болсо да уктагым келе берет. Мейли, аялдама же автобус болсун. Уйкум да канбайт. Ошол эле учурда эске тутумум да начарлап кетти. Кээ бир учурларда кайда жүргөнүмдү да билбей калып, бир аздан кийин эстейм. Эмне кылсам калыпка келем?

Максат, 38 жашта, Токмок


– Уйкунун канбай калышы эс тутумга таасир берет. Сиз дарыгерге кайрылууңуз кажет. Себеби уйкунун бат-бат келиши гепатит дартынан же башка боор оорусунан кабар берип жатышы ыктымал. Ошондуктан гепатолог адисине кайрылып бооруңузду текшертиңиз.

ЧҮЧӨК КУРТТАН КАНТИП КУТУЛАМ?

– Менде чүчөк курттар пайда болгонуна 3 аптадай болду. Жайында да ушундай болуп, кайра жоголуп кеткен. Элдик медицина боюнча сарымсак жесем да бул жолу кетпей жатат. Эмне ичип кутула алам?

Таку, 19 жаш, Бишкек


– Чүчөк куртту аныктоо оңой. Заң менен кошо майда ак курттар чыгат. Сарымсак жеген учурда көп жардам бербейт. Вермокс дарысын ичип койсо жок болуп кетет, же болбосо инфекционист дарыгерге кайрылуу сунушталат.

ТЫНЫМСЫЗ ИШТӨӨ БАШ ООРУГА АЛЫП КЕЛЕБИ?

– Менин күн сайын башым ооруйт. Эки чыкыйым, маңдайым, айтор, жарылчудай болуп оорутат. Баш мээнин ички кан басымы бар дешкен. Чынын айтсам, дарыгерге барганга убактым жок. Нормалдуу эс албай иштейм. Дарыланса болобу?

Максат, 32 жашта, Талас


– Тынымсыз иштөө баш ооруга алып келет. Ошол эле учурда көп ойлонуу, көпкө маанайы жок жүрүү баш ооруга шарт түзөт. Мындан сырткары иштеген жумушу көп ойлонууну талап кылса да баш ооруйт. Кан басымын да текшерип көрүшү керек. Эгерде жогору болсо, ошондой белгилер болот. Бул учурда бейтап невропатологго көрүнүшү керек.

КОШ БОЙЛУУМУН. МУУНДАРЫМ ООРУЙТ...

– Саламатсыздарбы? Мен кош бойлуумун, муундарым ооруйт. Дары ичүүгө мүмкүнбү?

Гүлназ, 40 жашта, Бишкек


– Кош бойлуу кезде дары ичүүгө мүмкүн эмес. Сиз ревматологго кайрылып, анализ тапшырып, диагнозуңузду тактатып, андан соң дарыланууңуз керек. Муундардын оорушун убагында аныктап дарылабаса, дарт өтүшүп кетиши мүмкүн.

БАШЫМ АЙЛАНЫП КУСАМ, УГУУМ НАЧАРЛАДЫ...

– Мен 45 жаштамын. 10 жылдан бери айрым учурларда башым айланып, кускум келип кетет. Алсыз болуп, бат тердейм. Угуум начарлап, аба жетишсиз болуп, таза абага чыгууга туура келет. Отуруп, башымды ылдый эңкейтсем жеңилдеп калам. Мындай абал менде 10-15 мүнөткө созулат. Бул оорубу? Кандай кылсам болот?

Замира, 45 жашта, Кант


– Баштын айланып, кусушу нерв ооруларына байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейм. Бул учурда невропатолог дарыгери жардамга келет. Текшерүүдөн өткөрүп, андан соң дарылайт.

Ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн
суроолоруңуз болсо, бизге 0557 75 63 19
WhatsApp номерине же kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринен жооп алып беребиз.


Акназар Сулайманкулов
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Daiis
2017-11-08 14:11:47
Менин да далымдын асты ачышыып ооручу азыр озу эле басылып калды, Эми башталбаса экен деп журом
0
saltu25
2017-11-08 17:30:40
Мен Бир жылдан бери аллергия менен кыйналып журом, резко башталып резко жоголуп кетет, кичине сладкий жеп койсом эле кетет башталып
+1
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан