Боор ооруларын дарылоодо колдонулуучу заманбап каражат тууралуу «КафМедЦентр» медициналык борборунун кызматкери, профессор, медицина илимдеринин доктору Дамира Алымбаева айтып берет.
– Фармацевтика рыногунда ВГСны дарылоодо заманбап дары каражаттарынын пайда болушу бул – вирустук инфекциялар терапиясындагы революциялык өзгөрүш. Эми ВГС (С гепатити) абсолюттук түрдө айыктырылат. Мурунку дарылоо схемасына салыштырмалуу заманбап ыкма бир катар артыкчылыктарга ээ: терс таасирлери дээрлик жок, арзаныраак, дарылануу курсу негизинен 3 айды түзөт.
Колдонуунун оңойлуулугуна карабастан дары врачтын көзөмөлүн талап кылат. Боордун циррозу менен ооруган адамдар бул – өнөкөт С гепатити оорусунун алгачкы белгилери.
2016-жылдан баштап Кыргызстан Gilead (америкалык компания) программасы боюнча ВГСны дарылоо үчүн каражаттын оригиналын кол жетерлик баада анча көп эмес өлчөмдө алып жатат. Оригиналдуу каражат менен дарылануу баасы дүйнө жүзүндө 60 000 долларды түзсө, кыргызстандыктар үчүн льготалык программа менен 40 эсе арзан.
Эскерте кетчү нерсе, С гепатити (ВГС) кан (шприц, таза стерилизацияланбаган медициналык аспап, текшерилбеген донор каны) жана баңгизат жолу менен, жыныстык кошулуудан жугат. Жана азыр дүйнөдө көп таралган жана айыктырууга кыйын болгон оору түрү. С гепатитинин белгилерине теринин саргаюусу, териде тери жылдызчаларынын пайда болушу, теринин кычышуусу, кандын уюшунун бузулушу кирет. Мындай белгилер байкалар замат текшерилип, дарыланууну баштоо зарыл.
Дареги: Бишкек, Гоголь-Бөкөнбаев көчөсү,
"КафМедЦентр" медициналык борбору. Тел:. 0707 877883