ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Сиз бул аптада өзүңүздүн оригиналдуу лидерлик сапаттарыңызды колдоно билиңиз. Ошентсеңиз текшерүүчү органдардын, таасирдүү адамдардын колдоосуна сөзсүз ээ болосуз. Чектен ашпаңыз. Дем алыш күндөрү чыгымга учурайсыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жалгыздыкта купуя иш-аракеттердин коштоосунда акча келип түшүшү күтүлөт. Ишемби күндөн тарта айрым мамилелер бузулат. Кесиптештер, жетекчилик менен аяр мамиледе болуңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эски тааныштарга же досторуңузга жолугасыз. Ортодо жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Кесиптештер менен бирге өнөктөштөр менен иштешүү маселесин чогуу талкууласаңар жыйынтыгы жаман болбойт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде жумушка жакшы көңүл буруңуз. Ийгиликтер күтөт. Жумушсуз бош болсоңуз, жумушка орношосуз. Оорудан айыкпай жатсаңыз ооруканага кайрылыңыз. Балдар, эс алуу же сүйүү жаатында дем алыш күндөрү сак болуңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Алыскы шаарларда жашаган балдарыңыздын ийгилиги сизди кубантат. Алардын келиши же сиздин аларга барышыңыз күтүлөт. Эски сүйүүңүзгө жолугуп калуу ыктымалдыгы да жок эмес. Үстү-башыңызды бир ирет карап коюңуз. Үй- бүлөдө чыр күтүлөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Колуңузга акча тийип, үй тиричилик маселеси жакшы чечилет. Үйүңүзгө таасирдүү же улгайган адамдар келсе кабак чытпаңыз. Алардын келиши көп нерселерге жол ачат. Туугандар, жол, документ көйгөйлөрү козголот. Жагымсыз кабардан улам айтышуудан сак болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жолго чыгасыз, командировкага барууңуз мүмкүн. Мөөнөтү бир аз узак болсо капаланбаңыз, жыйынтыгы жакшы болот. Өнөктөштөр менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Досторуңуздун, балдарыңыздын көңүлүн абайлаңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Колуңузга акча тиет. Бул акчалар сиздин элге берген карыз же сиз алып жаткан насыялык акчалар болушу мүмкүн. Кесиптештердин сый-урматына, айрым адамдардын бут тосуусуна дуушар болосуз. Каршылыктар көбөйбөшү үчүн кыраакы болуңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптада кадыр-баркыңыз көтөрүлөт. Көптөн бери максат кылып койгон ойлоруңуз ишке ашат. Бул нерселерди ишке ашыруу үчүн чыгармачылык менен иштөө сунушталат. Ошентсе да айрым жашыруун душмандардан сак болуңуз. Ушак-айыңдар жүрүшү мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Үй, жер тилке көйгөйлөрү жакшы чечилет. Маселелерди ойдогудай ишке ашыруу үчүн жакындарыңыздын оюн угуп коюу ашыктык кылбайт. Сырды сактай билиңиз. Жабык типтеги мекемелер менен жакшы иш алып барасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жакшы кабар угасыз. Эски досторго жолугасыз. Улгайган, таасирдүү адамдардын колдоосуна ээ болосуз. Жагымдуу сүйлөшүүлөр көп жүрөт. Достор менен баарлашуу да четте калбайт. Жетекчиликтин көзүнө түшпөөгө аракет жасаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Айлык акыңызды көтөргүңүз келеби? Анда түз эле жетекчилик жакты көздөй жөнөңүз. Жыйынтыгы жаман болбойт. Ал эле эмес, таасирдүү адамдарга да кайрылсаңыз болот. Бөтөн шаардык адамдар, текшерүүчү органдар менен аяр мамиледе болуңуз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Cleo-13
2017-11-08 16:31:53
Ээх
0
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан