БРЕМЕНДИК МУЗЫКАНТТАР


1
Бир адамдын эшеги болуптур. Ал болгон күчү менен ага кызмат кылып, тегирменден ун, токойдон отун алып келип бакчу экен. Эшек карып күчтөн тайыганда кожоюн аны үйдөн кууп жиберет. Эшектин оюнда сонун идея бар болчу. Ал Бремен шаарына барып музыкант болууну чечет. Анткени жаш чагында үнү мыкты эле.




2.
Жолдо кетип бара жатып ал итти көрөт. Анын маанайы жок болчу.
– Эй, дос, мынча эмне оор үшкүрөсүң?- деди эшек ага.
– Сен сураба, мен айтпайын. Мен кожоюнума мергенчиликте аябай жардам берчүмүн. Азыр карып көзүмдүн курчу кетип калганда ал мени жолго таштап өзү кетип калды.
– Сен кайгырба. Мен Бремен шаарына сапар алдым. Жүрү мени менен, экөөбүз ырдап жан багабыз,- деди эшек. Ит макул болду. Экөө өз көңүлдөрүн ачуу үчүн жол бою ырдап жатышып чындап эле көңүлдөрү ачылып кетти.


3.
Алар кетип бара жатып мышыкты жолуктурушту. Үчөөнүн окуясы окшош эле. Андыктан аны да кошуп алышты.





4.
Эшек, ит, мышык жакшы дос болуп, андан ары ырларын улантып бара жатышты. Жолдон алар музыкалык аспаптарды да таап алышты. Бири барабан, бири гитара, бири үйлөмө аспап менен көңүлдүү ырдап бара жатышып акча да табышты. Жолдон алар аябай катуу кыйкырган корозду көрүштү.
– Сен эмне мынчалык кыйкырасың?- деди эшек таң кала.
– Эртең кожоюнума конок келет. Алар сый үчүн мени соё турган болушту,- деп ыйлады короз.
– Сенин үнүң сонун тура, жүрү, биз менен чогуу качып кет. Бремен шаарына сапар алдык. Музыкант болобуз,- дешти жолоочулар. Ошентип короз да кошулуп төртөө болушту.


5.
– Мен бир үй көрдүм. Андагылар каракчылар окшойт. Келгиле, биз коркутуп бул үйдү тартып алабыз деди,- короз досторуна. Токойдун ортосунда жайгашкан бул үйдө чын эле каракчылар олжосун бөлүшүп жатышкан экен. Эшек терезеге бутун коюп айкырып, короз катуу үн салып, ит арсылдап үрүп, мышык кырылдады эле бул үндөрдөн каракчылардын жүрөгү түшүп качып жөнөштү.


6.
Каракчылар коркуп, ошол боюнча келишкен жок. Ошентип ынтымактуу достор Бремен шаарынын мыкты өнөрпоздору болуп калышыптыр.





Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан