КҮЗ ЛЕГЕНДАСЫ – АШКАБАК

АШКАБАК САЛАТЫ

2
порция 35 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 300 грамм
Брынза же жумшак сыр – 100 грамм
Сарымсак – 2-3 тишче
Зайтун майы – 2 аш кашык
Ашкабак данеги – 1 аш кашык
Шпинат же руккола – 100 грамм
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабакты тазалап, узун-узун туурап, электр мешинин табасына тизебиз.
2. Зайтун майына майда тууралган сарымсак, туз жана мурчту кошуп аралаштырып, ашкабактын кесимдерин үстүнө чубурта куябыз. Эми табаны 180 градуста ысып турган электр мешине салып ашкабакты бышырып алабыз.
3. Бышкан ашкабак кесимдерин тарелкаларга салып, шпинат же руккола, брынза менен аралаштырып, ашкабак данектери менен кооздоп коёбуз. Ашкабакты бышырууда чыккан ширени салаттын үстүнө куюп койсоңуз болот.


АШКАБАК БУЛОЧКАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 250 грамм
Шоколад пастасы же повидло – 100 грамм
Ачыткы – 1 чай кашык
Сүт – 100 миллилитр
Ун – 380 грамм
Каймак май – 150 грамм
Кумшекер – 4 аш кашык
Жумуртка – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабакты аарчып, тазалап, сууга кайнатып бышырып, эзип алсак пюре даяр.
2. Унду элеп, ага ачыткыны, каймак майды, ашкабак пюресин, жылуу сүттү, кумшекерди жана татымына жараша туз кошуп камыр жасайбыз да, жылуу ороп 60 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
3. Камыр ачыгандан кийин аны ийлеп, дагы 20 мүнөткө тыныктырабыз.
4. Тыныккан камырды чакан субалаларга бөлөбүз (болжол менен 10-12 субала чыгат). Камырды кол менен жазылап, ичине бир аз шоколад пастасын же болбосо повидло салып тоголоктоп, түйүлгөн жерин ылдый каратып ичи майланган табага тегиз тизебиз.
5. Булочканын бетине жумуртканын сарысын сүйкөп, 180 градуста иштеп турган электр мешинде кызарганча бышырып алабыз.


АШКАБАКТАН РОЛЛЫ

4
порция 35 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 400 грамм
Пияз – 1 баш
Лаваш – 3 даана
Сыр же быштак – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Татымына жараш туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабак менен пиязды аарчып, тазалап, майда туурап алабыз да, татымына жараша туз, мурч кошуп майга кууруп бышырып алабыз.
2. Бул куурмачка быштакты же болбосо сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аралаштырып, туурамжы даярдайбыз.
3. Лавашты 10х10 формасында же андан чоңураак кылып кесип, ортосуна туурамжыдан салабыз. Лаваштын эки капталын ичке карай кайрып, түтүкчө түрүндө оройбуз.
4. Эми түтүкчөлөрдү ысып турган өсүмдүк майына кызарта бышырабыз. Ашкабактан роллы даяр!


АШКАБАКТАН КРЕМ-ШОРПО

4
порция 50 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 1 килограмм
Каймак май – 2 аш кашык
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 1-2 тишче
Каймак – 5-6 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч жана бир чымчым кумшекер

Даярдоо ыкмасы:

• Ашкабактын данектерин алып, кабыгын аарчып, төрт чарчы түрүндө туурайбыз.
• Казанга каймак майды ысытып, ага майда тууралган пияз менен сарымсакты салып кызарта кууруйбуз. Татымына жараша туз жана кара мурч кошобуз.
• Андан кийин тууралган ашкабакты, кумшекерди кошуп, 5-6 мүнөт кууруйбуз.
• 1 же 1,5 литр суу куюп, жай отто 20 мүнөт кайнатабыз.
• Ашкабак бышкандан кийин блендер менен эзип, каймакты кошобуз.

АШКАБАК ПИРОГУ

2
порция 50 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Каймак май – 200 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Жумуртка – 3 даана
Ванилин – 1 чымчым
Ун – 180 грамм
Көбүрткүч – 1 чай кашык
Ашкабак – 150 грамм
Грек жаңгагы – 50 грамм
Мейиз – 100 грамм
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабакты сууга бышырып, этин эзип алабыз.
2. Каймак майды бөлмө температурасында жумшартып алабыз да, ага кумшекерди, бир аз туз кошуп аралаштырабыз. Аралаштырып жаткан кезде улам бир жумуртканы чагып кошобуз.
3. Эми бул аралашмага ашкабак пюресин, майдаланган грек жаңгагын, сууга жибитилген мейизди, унду, ванилинди жана көбүрткүчтү кошуп жакшылап аралаштырабыз.
4. Электр мешинин табасын майлап, ага даяр болгон камырды куюп, 180 градуста 40 мүнөттө бышырып алабыз. Пирог муздаган соң үстүнө кумшекер упасын себелеп, кесимдерге бөлүп дасторконго берсеңиз болот.


АШКАБАК РИЗОТТОСУ

4 порция 40 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 400 грамм
Күрүч – 200 грамм
Каймак май – 100 грамм
Пияз – 1 баш
Кумшекер – 1 чай кашык
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабакты аарчып, тазалап, төрт чарчы формасында (1,5 сантиметрден) туурайбыз.
2. Электр мешинин табасына тууралган ашкабакты тегиз салып, үстүнө каймак майды кесип салып, бир аз туз, мурч жана кумшекер себелеп, электр мешинде 180 градуста ширеси бөлүнүп коюуланганча бышырып алабыз.
3. Пиязды майда туурап майга кууруп, сууну куябыз. Кайнап чыкканда татымына жараша туз салып, күрүчтү кадимки аш баскандай кылып демдеп бышырабыз.
4. Бышкан күрүчкө ашкабак бышырганда чыккан ширени кошуп аралаштырабыз.
5. Тамагыбыз даяр! Тарелканын ортосуна күрүчтү салып, четине бышкан ашкабакты салып, дасторконго берсек болот.



АШКАБАКТЫН ПАЙДАСЫ

Ашкабак каротин менен ретинолго, В тобундагы витаминдерге, фолий кычкылына, темир, фтор, калий, кальций, Омега-3 жана башка пайдалуу заттарга бай. Бул жашылча кимдерге сунушталат, кимдерге болбойт?



Эти

• Зат алмашуу бузулганда, семирүүдө. Ал организмден ашыкча холестеринди чыгарып, сууну жана тузду баланстап турууга жөндөмдүү.
• Сарык жана боордун сезгенүүсүндө диеталык азык катары сунушталат.
Кайнатып, бууга бышырып жеш керек.


Данеги

• Данегинде организм үчүн керектүү 40тан ашык компонент бар. Ал денедеги паразиттерге, өзгөчө чүчөк куртка каршы эң натыйжалуу каражат.
• Эркектин бел кубатын жакшыртат.
• Курамында организмдеги серотонинди иштеп чыгуучу микроэлементтер көп болгондуктан маанайды көтөрүүчү касиетке ээ.
Күнүнө 20-30 граммдан жеп туруу керек.


Ширеси

• Жүрөк-кан тамыр ооруларына даба.
• Аз кандуулукта сунушталат.
• Уйкусуздуктун алдын алат. Ал үчүн 100 грамм ширесине 1 чай кашык бал кошуп ичүү сунушталат.
Таза бышкан ашкабактын ширесин ичүү керек.




ЭСКЕРТҮҮ!
Ашкабак гастрит, ашказан жарасы, он эки эли ичегинин жарасы, кант диабетинин оор формасы менен ооругандарга сунушталбайт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nur72
2017-11-08 06:23:26
жакшы экен пайдалуу уй шартында да жасаганга ынгалуу экен
+1
aikajanishbekova
2017-11-12 19:38:58
пайдалуу кенеш экен
+1
Gretsela
2017-11-27 11:29:10
Жакшы керектуу кенеш экен рахмат супер инфо
0
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан