Соусту көп жасап алдыңызбы? Төгүп салууга ашыкпаңыз. Ашкан соустарды чакан целлофан баштыктарга куюп, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүндө тоңдуруп коюуга болот.
Көк чөптөрдү айнек идиштерге салып, оозун бекем жаап муздаткычта сактоо пайдалуу. Бул учурда алар даамын, түсүн жоготпой, бузулбай, саргайбай, кургабай 1 айга чейин сакталат.
Кээде жумуртканын агын колдонуп, сарысын эмне кылууну билбей калабыз, же тескерисинче... Мындай учурда аларды тоңдуруп коюуга болот! Ал үчүн муз тоңдуруучу атайын калыпка куюп, бир аз туз же кумшекер себелеп тоңдуруп койсоңуз, кийин керектүү учурда колдонууга жарайт.
Баарыбыз билгендей, сабизди жерге көмүп сактайбыз. Эгер аны топуракка эмес, кумга көмсөңүз, биринчиден, чирип, соолуп кетүүнүн алдын алып, узакка сакталат, экинчиден, ылай болбой, казып алууга жеңил болот. Ал эми шаардыктар үчүн кум салынган ящиктер ыңгайлуу.
Балдын даамын бузбай, пайдалуу заттарын жоготпой бир нече жылга чейин сактоого боло турган азык. Ал үчүн аны сактоочу идишти туура тандоо керек. Эң жакшы вариант – бул күңүрт түстөгү, капкагы бекем жабылган айнек идиштер. Балды темир, сыр идиштерде көпкө сактоого болбойт. Бул учурда алар даамын өзгөртүшү мүмкүн.
Сүт – бат бузулуучу азыктардын катарында. Бирок аны көпкө сактоонун жолу бар. Ал үчүн бизге муздаткычтын тоңдургуч бөлүгү жардамга келет. Тоңдургучта сүт 4-6 жумага чейин даамын, сапатын бузбай сакталат.
Жумуртканы сууга бышырып жатканда идишке лимондун бир кесимин же жарым чай кашык ашкана содасын салып койсоңуз кабыгы оңой аарчылат.
Картошканы кабыгы менен сууга бышырарда аны тең ортосунан тегерете акырын бычак менен тилип койсоңуз, оңой аарчылат.
Пияздан коркосузбу, ыйлайсызбы? Коркпоңуз, аны жеңүүнүн жолу оңой. Пиязды аарчуудан мурун аны 15 мүнөткө муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салып койсоңуз, көзүңүздөн жаш агызбайт.
Электр мешине балык бышырууда ага астына лимон кесимдеринен “жаздыкча” жасап берсеңиз, табага жабышпай бышат.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg