Дизайнер, стилист Замира Молдошева жана жолдошу Моңолдор Насыркулов 31-октябрь күнү 15 жыл күтүп тапкан кызы Саадага тушоо той берип, кубанып жатышкан учуру. Стилист айым: «Кызыбыз 1 жаш 9 ай болуп калды. Негизи көптөн бери той беребиз деп камынып жүргөн элек, убакыт-сааты эми келди окшойт. Ресторанга 250дөй конок чакырылган. Тушоо тойдо чуркагандарга белек берилет эмеспи, биз баш байгеге эркектерге жылкы, айымдарга алтындар топтомун, ал эми кичинекей балдарга велосипед бердик. Баса, айымдар арасында алтындар топтомун диктор Чынар Капарова жеңип алды. Тойдун өзгөчөлүгү оюндар ойнотулуп, белекке жалаң китеп белек кылдык. Мындан сырткары, келген 250 конокко тең «Саада» деп аталган куурчактарды тараттык. Залыбыздын жасалгасы, өзүбүз жалаң кызыл түстө кийиндик. Жакшылыгыбызга келген шоу-бизнес өкүлдөрү, башка конокторубуз чын жүрөктөн чер жазып, шапар тээп кетишти»,- деп билдирди. Кызыңыз Сааданын өмүрү узун, келечеги кең болсун!