Белгилүү кыргыз кинорежиссёрлору Садык Шер-Нияз менен Актан Арым Кубат АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтүп жаткан lll Дүйнөлүк Азия кинофестивалынын алкагында атактуу америкалык актриса Анжелина Жоли менен жолугушту. Аталган фестивалга актриса өзү продюсерлик кылган «Алгач алар менин атамды өлтүрүшкөн» деген тасмасын көрсөткөнү келген. Жолугушуу тууралуу фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз:
– Дүйнөлүк Азия кинофестивалын 2015-жылы «Курманжан датка» тасмасы «Оскарга» жетпей калганда, Азия өлкөлөрүнөн келген режиссёрлорго жардам берүүнү көздөп негиздегенбиз. Ал эми Анжелина Жолинин продюсер катары тарткан тасмасы биздин фестивалга катышууда. Жоли биз менен жарым сааттай баарлашып кетти. Аны менен Голливуд жана Азия чөлкөмүнүн кинорежиссёрлору кызматташсак деген сүйлөшүүлөр болду. Аябай жөнөкөй жана жагымдуу айым экен. Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөр оюнуна да чакырдым, «ойлонуп көрөйүн» деди.
Ал эми Актан Арым Кубат:
– Элдин баары «Анжелина Жоли менен биздин режиссёрлор жолугуптур» деп эле ызы-чуу. Жадакалса кыздарым да «Анжелина Жоли менен сүрөт салып жибериңизчи» деп суранып жатышат. Албетте, бул мактанарлык иш, бирок баарынан да кинонун «Меккеси» болгон Голливудда жөнөкөй кыргыз жараны фестиваль өткөрүп жатканына сыймыктанат экенсиң. Башында Садык «фестиваль уюштуралы» деп күпүлдөп жүргөндө эч ким мынчалык маани берген эмес. Азыр уюштурууну, фестивалдын деңгээлин көрүп көз сүйүнөт, ичиңде кандайдыр бир патриоттук сезим ойгонот экен. Мына ушундай иштер Анжелина Жолинин келгенинен да жогору коюлса дейт элем. Фестивалдын максаты – «Оскарга» талапкер боло турган тасмаларга жол ачуу. Дүйнөлүк Азия кинофестивалына мен тарткан «Кентавр» тасмасы Анжелина Жоли тарткан фильмге атаандаш болуп, бир номинацияда ат салышып жатабыз,- деп билдирди.