Аз күн мурун ырчы Дайыр Исмадияров Инстаграмдагы баракчасына жубайы Жанара менен эки ажырым жолго түшкөнүн айтып билдирүү жазган. Мындан улам Дайырга байланыштык:
– Дайыр, көптөн бери жубайың экөөңөр таарынышып жүргөн элеңер, үй-бүлөңдү сактап калууга мүмкүнчүлүк болбодубу?
– Ооба, ким эле ажырашып кетейин десин. Уулум Дастан төрөлгөндө үмүттүн шамы жанып, жарашып калабызбы деп ойлогом. Бирок үй-бүлөмдү сактаганга аракет кылсам да майнап чыккан жок. Урушпай-талашпай, жакшы мамиледе калдык, балабыз үчүн ушундай мамиле маанилүү деп ойлойм.
– Сен ажырашканыңды ачыктагандан кийин түрдүү кептер айтылып, арты суюлбай жатат...
– Мен да аларды окуп жатам. Түрдүү пикирлер айтылууда. «Ажырашкан, жарашканыңды айтып өзүңө пиар кылып жатасың» дегендер да болууда. Негизи улам айтып ачыктабай эле коёюн дегем, бирок күйөрмандар суроо бере берди, анан бул окуяга түшүндүрмө берип чекит коюуга туура келди. Мага жашоомдогу кыйын күндөрдөн пиар жасоо зарыл эмес. Антип ойлогондор жаңылышат. Балама колумдан келишинче каралашып, тарбия бергенге аракет кылам. Аялымды, баламды таштап кетип жыргап жүргөн жерим жок, эч ким эч кимди таштабады, болгону биз чогуу түтүн булата албай, ажыраштык. Биздин келечегибиз алдыда, өз бактыбызды табарбыз.