Кыргызстандык эгиз бийчилер Ома жана Ема Асанбековдор ТНТ телеканалындагы «Танцы» долбоорунун 4-сезонуна катышып жатышкан. Тилекке каршы, бийчи жигиттер vogue (подиумда моделдер чыкчу кыймыл-аракеттер менен коштолот) стилинде бийлөөдөн баш тарткандыктан долбоордон четтетилди. Бул тууралуу Ома менен Ема «биз апабызга кыздарга окшоп бийлебейбиз деп сөз бергенбиз» деп түшүндүрүштү. Долбоордун калыстар тобунун мүчөсү, орусиялык популярдуу хореограф Мигель «Анда жакшы баргыла!» деп нааразы болгон.
Интернет айдыңында кыргыз жигиттердин бул кадамын талкуулоо күч алып, айрымдар «азамат, андай бийлер биздин менталитетке туура келбейт» деп кубаттаса, «бийчи болгондон кийин кайсы стилде бийлөөнү ылгабаш керек» деп сындагандар да болууда.
Бул тууралуу бийчилер: «Көпчүлүк vogue – кыздардын бийи эмес деп жатышат. Ооба, бий аялдыкы, эркектики деп бөлүнбөйт, бирок биз бул бийди кыздардыкындай деп эсептейбиз. Апабыз эки жыл мурун каза болгон. Ал дайыма «бийге берилип кетип биздин менталитетке туура келбеген жоруктарды жасабагыла» дечү. Биз апабыздын суранычын аткардык»,- дешет.